Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:40
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кумтөр Саламаттык сактоо министрлигине оор операцияларга керектелүүчү аппарат белек кылды

23.01.2023 15:40
334
Кумтөр Саламаттык сактоо министрлигине оор операцияларга керектелүүчү аппарат белек кылды

Бүгүн, 23-январда Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Аппараттын келүүсүнө “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому демөөрчүлүк кылган жана анын баасы 35 млн сомду түзөт.


“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунунун вице президенти Абакиров Улукмырза келип, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлеринин катышуусунда микроскопту тапшырды.


Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова акыркы үлгүдөгү заманбап операциялык микроскоп бүгүнкү күндө нейрохирургия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аны менен бирге элибизге көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапаты көтөрүлөрүн белгиледи.


“Өлкө башчысы тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бүгүнкү алынган жабдуу дагы ошонун бир мисалы деп айтып кетким келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык жардамга муктаж бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырып, ошондой эле дарыгерлердин ишин да жеңилдетет”, - деди Баатырова.


Жакынкы арада Улуттук госпиталга магниттик резонанстык томограф аппараттары орнотулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн