Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кумтөр боюнча келишимдерге мурдагы президенттар кандай таасир тийгизишкен?

17.05.2021 18:46
1356
Кумтөр боюнча келишимдерге мурдагы президенттар кандай таасир тийгизишкен?


Кумтөр боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров келишимге кол коюуда Кыргызстандын мурунку президенттеринин таасири жөнүндө айтып берди.


"Минск шаарында бирөө 80 миллион долларга объектилерди куруп жатат, экинчиси Ленинградда 10 миллион еврого үй курууда, үчүнчүсү Москвада балдары менен күнү-түнү күзөттө турган 10 миллион долларлык үйдө жашайт", - деди депутат 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында.


Жапаровдун айтымында алардын бири дагы биздин мигранттардай болуп пол жуубайт.


"Алар кайтып келүүнү кыялданат. Жок дегенде алардын бири келип, ката кетиргенин мойнуна алса, компания ага 100 доллар бергенин моюнга алса, биз соттон оңой эле утуп чыкмакпыз", - деди ал.


"Бардык чечимдер президенттердин катышуусу менен кабыл алынган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин компаниянын өкүлдөрү премьер-министрлерге, алар өз кезегинде президентке барышкан. Болбосо, компания мындай мыйзам бузууларга бармак эмес. Алар биздин мөңгүлөргө таштанды төгүлө турган жайларды салууга дилдери жетпейт болчу", - деп билдирди.


Суроолорго жооп берип жатып, депутат Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүккө Кумтөрдөгү тышкы башкаруу өтүшү мүмкүн экендигин айтты.


"Тенгиз Бөлтүрүк биз өзүбүздүн күчүбүз менен 50 тонна казып алабыз деп жатат. Биз аны башкаруучу кылып дайындоону сунуштап жатабыз, бирок башка талапкерди дагы даярдап жатабыз", - деп кошумчалады депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн