Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кумтөр боюнча менин таза экенимди документтер далилдейт. Асылбек Жээнбеков абактан кайрылуу жолдоду (фото)

26.06.2021 15:53
2340
Кумтөр боюнча менин таза экенимди документтер далилдейт. Асылбек Жээнбеков абактан  кайрылуу жолдоду (фото)

Кумтөр ишине байланыштуу камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков абактан кайрылуу жасады.


Анын билдирүүсүнүн тексти "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланды.


"Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. "Кумтөр" иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат. Баарыбыздын кылганыбызды Кудай өзү таразалап коёт", - деп жазган ал.


"Өлкөдө жөнөкөй эмес социалдык-экономикалык абал орун алууда. Эпидемиологиялык кырдаал да кайрадан курчуп жатат. Мындай учурда мамлекетибизге ынтымак, биримдик керек. Акыркы кезде мага артылып жаткан куру доомат, жалган жалаа мени адилеттик, акыйкаттык, абийир үчүн күрөшкө түртөт. Баарыбыз мыйзамсыздыкка каршы турушубуз керек. Келечекте балдарыбызга калтыра турган эң чоң байлык – бул мыйзамдуулук үстөмдүк кылган Кыргыз мамлекети", - деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн