Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Кумтөр” иши: Эки киши 110 миң жана 200 миң айып пул менен кутулду

25.10.2023 09:21
225
“Кумтөр” иши: Эки киши 110 миң жана 200 миң айып пул менен кутулду


"Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы башчысы Теңиз Бөлтүрүккө козголгон кылмыш ишинин эки фигуранты айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту кабарлады.


Октябрь райондук соту А-Г. Ф. кызы Ж. жана Р. Т. аттуу жарандарга карата ишти караган. Экөө тең Кылмыш-жаза кодексинин “Ачык тооруктарды, аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.


Биринчисине 110 миң, экинчисине 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу жазасы каралган.


Буга чейин Башкы прокуратура “Кумтөр голд компани" ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк жана коррупция иши боюнча башка айыпталуучулар келтирилген зыян үчүн 844,5 миллион сом кенемте төлөгөнүн билдирген.


Белгилей кетчуп, Теңиз Бөлтүрүк быйыл 30-апрелде үй камагына чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн