«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Мындай чечимди борбор калаанын Октябрь райондук соту чыгарганы айтылат.
«Теңиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы үй камагында 10-июлга чейин узартылды. Ал саат 22:00дөн 6:00гө чейин жашаган жеринен чыкпоого тийиш», - деп айтылат соттун маалыматында.
Тениз Бөлтүрүк мамлекетке 1 миллиард зыян келтирип, УКМКнын кармоочу жайына киргизилген. Коррупция боюнча кылмыш иши козголгон Тенгиз Бөлтүрүк жана башка айыпталуучулар 844 миллион 512 миң 858 сом төлөп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн