Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмазбек Баатырбековго Кумтөр иши боюнча 280 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынган.
Эскерте кетсек, Алмазбек Баатырбеков Кумтөр иши боюнча июнь айында кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн