Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

“Кумтөр” кени Канаданын анклавы болуп калды, - Рыскелди Момбеков (видео)

20.04.2021 10:48
1115
“Кумтөр” кени Канаданын анклавы болуп калды, - Рыскелди Момбеков (видео)


“Кумтөр” кени бүгүнкү күндө Канаданын анклавы болуп калды. Себеби ал жакта биздин мыйзамдар иштебейт, Кыргызстандын кызыкчылыктары корголбойт, бардыгын өздөрү кылышат. Мындай пикирди парламент депутаты, Кумтөр кенин иликтөө боюнча азыркы мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков “Парламентаризм сабактары” берүүсүнө курган маегинде билдирди.


Анын айтымында, 30 жылдын ичинде “Кумтөр” кени 410 тонна алтын өндүргөн, бирок чалгындоо компаниялардын афёралык схемасынын жана жеп-ичкен чоңдордун айынан мамлекет пайда көргөн жок.  


Момбеков белгилегендей, 410 тонна алтындын 260 тоннадай алтыны Кыргызстанда туруш керек болчу. Бирок тилекке каршы, андан кийинки бийликтердин “аппетити” ачылып отуруп, кыргыз элинин, улуттун кызыкчылыктарын уурдап кетишкен.


“Келишимде 10 жылга иштейбиз, 716 тонна алтын бар, бул чалгындалган. Биз өндүрүп чыгып кеткенден кийин завод Кыргызстанга калат дешкен. Бирок алтын казылган сайын “аппетити” ачылып, биздин чоңдордун да арааны ачылып баштаган. Мына 25 млрд долларлык алтынды өндүргөн Кыргызстан 4 млрд долларлык тышкы карызы менен отурат. Демек, чоң уурулук болгону көрүнүп эле турат”, - деп билдирди депутат.


Ошондой эле Акаевдин, Бакиевдин убагында түзүлгөн келишимдер өндүрүлгөн алтындан Кыргызстанды куржалак калтырган, дейт эл өкүлү. - Кийин ал жактага абалды иликтеп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо, экологиялык зыяндарды калыбына келтирүү, алтынды өндүрүүдөгү үлүштөрдү жогорулатуу боюнча түзүлгөн комиссиялардан да жарытылуу натыйжа чыккан жок.


Буга чейин иликтеп, өз сунуштарын берип келген мамлекеттик комиссиянын башында турган Темир Сариев 5 млрд долларлык доо койгон, экологияны талкалагансыңар деп. Андан кийин өзү 2015-жылы премьер-министр болуп келди, ошондо ишке ашырбайт беле. Эч нерсе кылган эмес. Азыр дагы саясий эрк кабыл алуу эки адамдын колунда турат. Биринчиси, Садыр Жапаров. Ал учурунда депутаттык комиссиянын жетекчиси болуп, ал жактагы абалды өтө жакшы билет. Экинчиси, азыркы мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров. Ал азыркы абалды сопсонун билет. Мына ушул эки киши мурдагы өкмөт кетирген кемчиликтерди жоё ала турган болсо, анда баарын ордуна коё алабыз. Жөн эле комиссия түзүп, аларды коркутуп коюп, конуштук ала турган болсок анда бул элдин талабы эмес”, - деп билдирди Рыскелди Момбеков.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн