Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

«Кумтөр» кениндеги акыйкаттыктын кайтаар убактысы келдиби?

17.05.2021 14:02
1244
«Кумтөр» кениндеги акыйкаттыктын кайтаар убактысы келдиби?

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин аздыр-көптүр айтылып келген мыйзам бузуулар тууралуу өтө так маалыматтарды коомчулукка берди. Учурда канадалык «Центерра Голддун» карамагындагы «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүндөгү саясий коррупциядан тарта Кыргызстандын экологиясына тийгизген терс таасирлерине чейин кылдат айтылды.


Биз орчундууларына токтололу. «Кумтөр» кени иштеп баштагандан бери Кыргызстан андан 1,5 миллиард доллар пайда тапса, канадалык «Центерра» компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан экен. Ошондо кыргыз жериндеги алтынды казуудан «Центерра» бизге салыштырмалуу 10 миллиард доллар ашыкча пайда таап жатпайбы. Алар дагы калган алтын запасын казып бүтүп, анан түйүнчөктөрүн түйүнүп кетип калышат. Ал эми экологиялык нормаларды бузуу менен казылган кендин орду, зыяндуу калдыктар бизге түбөлүк мурас болуп калат. Ал калдыктарды зыянсыздандыруу үчүн иш-аракеттерге Кыргызстан өз каражатын жумшай турган болсо, анда алтынды казып алуудан тапкан пайдасын кайра ашыгы менен жумшаганга мажбур болушу мүмкүн. Ошондо бизге «Кумтөрдү» казуунун пайдасы бар беле деген суроо жаралат.


Мындан тышкары 1997-жылдан бери карай «Кумтөр» кенинде 61 кырсык катталып, 47 адам жаракат алып, 12си каза болгонун маалымдады мамлекеттик комиссия. Демек, техникалык коопсуздуктар жеткиликтүү деңгээлде сакталган эмес. Бул кырсыктар боюнча убагында тиешелүү укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштагандары менен аягына чыгышпаган. «Кумтөрдүн» жетекчилигинин тиешелүү деңгээлде жоопкерчилиги каралбаган.


«Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүндө саясий коррупция бар экенин элибиз деле жакшы билет. Эми ошол жагдай толук кандуу ачыкка чыгат окшоп калды. Себеби, буга чейин мамлекет башына канча бийлик келсе, алардын баары эле «Кумтөрдүн» жетекчилигинин позициясын колдоп келишкен. Көрсө, Акаевдин доорунан тарта эле канадалык инвесторлор өлкө башындагы үлкөн чиновниктерди «кекиртектеринин» илип алганды мыкты өздөштүрүшкөн тура.


«2003-жылы «Кыргызалтын» Ригадагы Айдар Акаевге таандык компаниянын эсебине 11 миллион долларды мыйзамсыз которгон. Андан кийин 3 миллион акция кошумча чыгарылып, бул акция Австралияда негизделген Central Asia Gold компаниясына сатылган, бул 44,2 миллион доллар. Жыйынтыгында 55,2 миллион доллар бирөөнүн чөнтөгүнө түшкөн», - деди парламент жыйынында Акылбек Жапаров. Демек, бул суммадагы акча кимдин чөнтөгүнө түшкөнү түшүнүктүү болуп турбайбы.


«Ошол эле 2003-жылы ошол эле Central Asia Gold компаниясы Кыргызстанда да пайда болуп, Талды-Булак Левобережный жана Лысый кендерин ээлеп алышкан. Бул компания Айдар Акаев менен байланышта болгон», - деди Акылбек мырза.


Мындан сырткары ал 2011-жылдагы президенттик шайлоонун үгүт иштери маалында да «Центерра» компаниясы Кыргызстанга 11 миллион доллар которуп, «берешендик» кылганын белгиледи. Бул жерде да саясий коррупциянын белгиси байкалып турат.


Сапар Исаков өкмөт башчысы болуп турганда да саясий чайкоочулук болуп кеткен. «Сапар Исаков «Центерра» менен келишим түзүп, даттанууну артка кайтарып алуу үчүн 22,5 миллиард сом алган. Ошону менен «Кумтөрдүн» ишине кийлигишпөө чечимин чыгарган. Муну менен өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, сот болуп алган. Өкмөт «Центерраны» коргоп турган», - деди мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров.


Жыйынга катышып жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши козголгонун билдирди. Алардын бири мурдагы өкмөт башчы М. Абылгазиевге карата экенин да жашырган жок. Андан тышкары дагы бир топ тиешелүү чиновниктер, арасында депутаттар да бар экенин айтты. Алардын баары Жогорку Кеңеш токтом кабыл алгандан кийин, эртеңден тарта суракка алына баштаарын эскертти. Мындан тышкары «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигине карата да кылмыш иши козголгон.


Буга чейин райондук сот «Кумтөр» компаниясын Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүү деп таап, 261 миллиард сомдон ашуун айып пулга жыккан. Бул азыркы учурдагы курс менен эсептегенде 3 миллиард доллардан ашат.


Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында «Кумтөр» боюнча эл аралык соттон утуп чыгууга далилдер жетиштүү. Жогорку Кеңештин депутаттары да муну колдоп турушат. Коомчулук да колдоп турат. Кыязы, канадалык инвесторлордун буга чейин түрдүү «тактикага» салып, бийлик башындагыларды көндүрүп алмай касиети ишке ашпай калды көрүнөт.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн