Бүгүнкү бийликтин чечкиндүү жасаган кадамдарынын бири – бул «Кумтөр голд компани» компаниясына тышкы башкаруу киргизгени болду. Тээ 1990-жылдардын аяк чендеринен тарта алтын кени чет элдик инвесторлордун колуна берилип, улам кийинки келишимдер аркылуу Кыргызстандын кызыкчылыгы улам кыскарып, улам тебеленип келген эле. Ошону менен бирге өлкөбүздүн экологиясына да өтө чоң зыяндарды алып келди.
Баарынан дагы «Кумтөр» иштеп баштагандан бери канадалык инвесторлор 11,5 миллиард доллардын тегерегинде киреше тапса, Кыргызстандын шыбагасына болгону 1,5 миллиард доллардын тегерегинде каражат тийген экен. Мунун өзү ачык эле талап-тоноочулук экени айтпаса да түшүнүктүү болуп турбайбы. Эгерде көз боемочулуктар, коррупциялык элементтер болбогондо, өлкөбүз жок дегенде алтын кенинен түшкөн пайданын жарымысына ээ болушу керек эле да.
Канадалык инвесторлор улам жаңы келген бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп алуу менен «Кумтөр» кенинин алтынын каалагандай пайдаланып келишти. Ошол эле убакта кылымдар бою тоңуп турган мөңгүлөрдү да ордунан козгоп, экологияга эбегейсиз зыян алып келди. Ошонун баарын учурдагы бийлик териштирүүгө алып баштаганда, компаниянын канадалык жетекчилери апрель айында эле өлкөдөн чыгып кетишкени маалым болду. Демек, алар өздөрүнүн жасап жаткан ишмердүүлүктөрү мыйзамсыз болуп келгенин моюндап, анын жоопкерчилигин тартуудан качышты деп эсептегенге болот.
Натыйжада 14-майда президент Садыр Жапаров «Кумтөрдү» сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзамга кол койгон. 17-майда Жогорку Кеңеш бул компанияны сырттан башкарууга алуу сунушун колдоп берди. Анын сырттан башкаруучусу болуп Теңиз Бөлтүрүк дайындалган.
Ошентип компанияга сырттан башкаруу киргизилгенине бир ай убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында «Кумтөр голд компани» 44 миң унций алтын сатып, андан түшкөн жалпы акча 82,234 миллион долларды түзгөнүн маалымдады. Ал сумманын ичинен 41,952 миллион доллары өзүнүн баасы. Ал эми 40,282 миллион доллар дүң пайда болуп эсептелет. Компания алтындын баасы туруктуу болбой өзгөрүп турганынан улам 16 унций 1813,15 долларга сатылганын, ал эми 28 унцийдин ичинен экинчи партиясы 1893,15 доллардан соодалангандыгын эске салды.
Компания учурда адаттагы тартибинде ишин улантууда. Кызматкерлердин айлык акылары өз убагында берилип, мамлекетке төлөнө турган бардык салыктар жана бюджетке которулчу акчалар да төлөнгөн.
Демек, алтын кенин Кыргызстан өзү да иштете ала турганын далилдеди. Бир айдын ичинде түшкөн дүң пайда 40 миллион долларга тете болсо, демек бир жылда ал сумма аз дегенде 400 миллион доллардан ашат. Эми салыштырып карай бериңиз, буга чейин дээрлик чейрек кылым убакытта Кыргызстандын үлүшүнө 1,5 миллиард доллар калып келсе, ал эми сырттан башкаруу кирген бир айда 40 миллион доллар дүң пайда өлкөбүздүн шыбагасына тийип жатат. Эгерде башынан эле алтын кени ушундай тартипте, көз боемочулуктардан сырткары иштегенде эмдигиче Кыргызстандын экономикалык абалы алдаканча өнүккөн деңгээлде болбойт беле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн