Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

«Кумтөр» маселеси унутулдубу?

12.11.2020 14:16
808
«Кумтөр» маселеси унутулдубу?


Садыр Жапаров туптуура 28 күн КР президентинин милдетин аткаруучу болуп турду. 15-октябрда ал өлкө башчысынын милдетин аткаруу ыйгарым укугуна ээ болгон, аны кайра 11-ноябрда шайлоого талапкер катары катыша турганы менен түшүндүрүп өткөрүп берди. Президенттик шайлоого С. Жапаровдон тышкары дагы бир нече салмактуу талапкерлер ат салышууга чыгышты. Демек, 2021-жылдын 10-январында ийгилик кайсыл талапкерге жылмайып, ким президент боло турганы белгисиз. Шайлоо балким эки тур менен да өтүп калышы мүмкүн. Эгерде экинчи тур болору анык болсо, анда С. Жапаровдун жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү кыйла азаят, эгер административдик ресурсту мыктылап эле иштетип жибербесе.


Ошондон улам коомчулукта бир суроонун жообу жок калды. 2010-жылдан бери карай «Кумтөр» маселесин көтөрүп, аны улутташтыруу зарылчылыгын айтып, түрдүү митингдерди, акцияларды уюштуруп келген Садыр Жапаров эмне үчүн мамлекет башчысы катары отурган 28 күн ичинде бул маселеге таптакыр үңүлүп койгон жок? Мурунку бийликтин убагында курулуп башталган имараттарды кыдырып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине батирлерли тапшырып, лента кесип, айтор 29 жылдан бери мурдагы президенттер кандай кадамдарды жасап келген болсо, дал ошондой эле кадамдарды жасады. Эл Садыр мырзадан лента кесүүлөрдү, аксакал-көксакалдарды жыйнап алып, колдорун кысып учурашууларды эмес, дал ушул «Кумтөр» маселесин чечүүнү күткөн.


Ал жаңыдан бийликке келгенде эле ««Кумтөрдө» алтын аз эле калды, аны улутташтыруунун кереги жок, бирок толук мамлекеттин кызыкчылыгында иштетебиз» деген. Бирок, алтын кенинде дагы 5-6 миллиард долларга баалана турган алтындын запасы бар экени билинди. Ошондо С. Жапаров үчүн 5-6 миллиард доллар аз акча болуп саналабы? Ошончо каражат алтын кенинен Кыргызстанга калса, анда биз тышкы карыздардан толук кутулуп, алтургай ашып калганы жатпайбы.


Макул, ушул бир айга жетпеген убакытта «Кумтөрдү» улутташтырбай эле койсун, жок дегенде ошол компанияга бир барып, кандай иштеп жатканына, киреше-чыгашалары кандай экенине бир кызыгып койбогону эмнеси? Баардык бийлик колдо турганда алтын кенинин Кыргызстандын кызыкчылыгына толук кандуу иштөөсүнө жетишкенге мүмкүнчүлүгү бар эле. С. Жапаров аны жасай албады. Жок дегенде бир басып барбаганы анын бул маселени убагында жөн эле саясий курал катары колдонуп жүргөнүн айгинелеп тургансыйт.


Балким, ал «Мен кайра президент болуп шайланып келип алып «Кумтөрдү» толук чечим» деп айтышы мүмкүн. Эгер ошентип айта турган болсо, анда шайлоодон сөзсүз утуп чыгаарын кантип билип жатат? Административдик ресурсту 100% күчүндө иштетем деп турабы? Таза эмес өткөн шайлоолордун арты кандай боло турганын бир эмес, бир нече жолу көрбөдүкпү?


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Убаданын дагы кобу аткарылбайт