Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кумтөрдө көз жазгыруу оюну...

26.04.2021 09:41
825
Кумтөрдө көз жазгыруу оюну...


Садыр Жапаров Кумтөрдө алтын калбады деп, бүтүндөй элдин эсин эки кылган.


Анан эле Акылбек Жапаров башында турган депутаттык комиссия түзүлүп,  Кумтөрдү текшере баштады. Кошоматчы жана фейктер жанданып, “мына эми көрөсүңөр” деп үн катымыш боло баштаган...


Бул арада депутаттык комиссия мүчөлөрү Кумтөрдө 200 миң доллардан айлык алгандар бар деп, элдин көңүлүн “Центерранын” Директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын атынан барган үч адамга буруп, мына ошолорго асыла баштады. Мына ошолор бирдемке чече алчудай болуп?


Биринчиден, “Центерранын” Канадада отурган Директорлор кеңеши 12 адамдан турат. Ошондуктан Кыргызстандын атынан отурган 3 мүчө Кумтөрдүн ишине эч таасир эте албайт.  Маселе чече албайт. Тигилер көпчүлүк добуш менен каалагандай чече берет.


Экинчиден, Кумтөрдөн Кыргызстандын үч жараны алган айлык “Центерра” чыгарып кетип жаткан алтындын алдында түккө турбаган тыйын болуп калат. Анткени  кандалыктар жыл сайын жүздөгөн миллион доллар, кээде 1 млрд доллардан ашыкча акча чыгарып кетип жатышат. 


Элестетип көрүңүз - 1 млрд доллар. Бул азыркы Кыргызстандын бюджетине тете сумма. 85 миллиард сом.


Депутаттык комиссия 200 миңден айлык алгандар бар деп чуулдатып, маңыроо калктын көңүлүн мына ушуга буруп жатат.


Бул арам ойдун же оюндун артында Кумтөр мафиясы менен ымалашып алган бийлик турат дегенге негиз бар. Анткени алардын максаты бир. Ал, Кумтөрдөн жүздөгөн миллион доллар турган ондогон тонна алтын чыгарылып кетип жатышынан элдин көңүлүн буруп кетүү...


Айданбек Акматов, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн