Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ири чыгымдар коротулуп, бирок пайда бербеген мамлекеттик долбоорлорду жабыш керек, - Зулпукаров

12.05.2020 18:02
1028
Ири чыгымдар коротулуп, бирок пайда бербеген мамлекеттик долбоорлорду жабыш керек, - Зулпукаров


Жогорку Кеңештин  Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров айрым мамлекеттик долбоорлор боюнча маселе көтөрдү. Анда ал MegaComдун бюджетинен “КТ Мобайлга” 365 миллион сом бөлүнгөн акчалар жана анда убада кылынган кирешелер кайда экенине кызыкты.  


“Бюджетке көптөгөн кирешелерди алып келет деп айттыңыздар эле, кана? Мындан сырткары мамлекеттик лотерея компаниясына каражат бөлдүңүздөр эле алар эмне болду? Жылына бюджетке 150-300 миллион сом киреше алып келет деп баяндалган. Эч кандай акча жок. Алар эч нерсе аткарбаганы үчүн кылмыш ишин козгош керек же жабыш керек. Алар 100 миңдеген айлыктарды алып олтурат. Буларга ким жооп берет? Же болбосо мисал катары “Кыргыз темир жолу” ишканасы банкрот, “Кыргыз аба жолдору” – банкрот. Кайсыл гана сөздүн артына “кыргыз” деген сөз кошулса дароо банкротко учурайт”, - деди эл өкүлү.


Ал ошондой эле, мамлекеттик мүлк фондуна көбүрөк көңүл буруу зарыл экенин айтты.


“Мамлекеттик мүлктү сөзсүз түрдө инвентаризациялоо керек. Кантип, качан экенин билишпейт, алардын карамагында канча каражат жана мекеме бар? Канча мамлекеттик мекеме бюджетке киреше алып келе аларына анализ жүргүзүп көргүлө. Болбосо мисал келтирсек, Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшү бар, канадалыктар 20 доллардан картошканы Канададан алып келбеши керек. Мына Жети-Өгүздүн деле картошкалары табигый. Алар мындай жолдор менен сатып алуунун баасын кымбаттатып жана жасалма түрдө Кыргызстандын кирешесин азайтып жатышат, мындайды токтотуш керек. Же болбосо алтын кени тамак-ашты Кытайдан алып келип жатканын угуп жатабыз, мындай фактыларды текшергиле”, - деп нааразы болду Зулпукаров.

 

Ага жооп катары вице-премьер-министр Эркин Асрандиев март айына ири компаниялардын көрсөткүчүн текшерүүгө алуу пландалганын билдирди.


“Алардын соңку үч жылдагы финансылык, өндүрүштүк көрсөткүчү, топ-менеджерлердин резюмесин, баары текшерилип анализ жүргүзүлүшү керек эле бирок акыркы окуяларга байланыштуу пландар жылдырылган”, - деди Асрандиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн