Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:42
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кумтөрдөн “Центерра” пайдага туйтунуп, кутуруп жатат

27.03.2020 11:12
786
Кумтөрдөн “Центерра” пайдага туйтунуп, кутуруп жатат

Коронавирус дүйнөнү оор абалга алып келди. Тумоо өзгөчө жашы улгайгандарга катуу тийип, дүйнөдөгү эң бай, эң кубаттуу мамлекеттердин да саламаттык сактоо системаларынын шайын оодарды. Мамлекеттер чек араларын, андан кийин шаарларын жаап, соңунда катуу карантинге жарандарын камап, экономикалык активдүүлүк, бизнес шал абалга келди.


Бул тумоо жараткан каатчылыктын экономикалык, финансылык зардабы алдыда. “Чапандууну чапса, көйнөкчөнгө доо кетет” дегендей эң бай мамлекеттер экономикалык каатчылыктын алдын-алуу үчүн ар кандай чараларды көрүп жатканда, Кыргызстан “жан соога” деп эле кыймылсыз жатат...


Мамлекет өтө алсыз. Бюджети болгону 2 млрд. доллардын тегереги. Анын да 30% грант жана түрдүү жардамдар. Анткени 150 млрд. сом делген кирешенин 100 млрд. сомго жакыны гана реалдуу. Мына ошончо сумма гана бажы, салык төлөмдөрүнөн реалдуу жыйналат.


Чек аралардын жабылышы, өзгөчө кырдаалдын жарыяланышы менен тышкы соодага, ички соодага оңбогондой сокку урулду. Мунун айынан бажы жана салык төлөмдөрү канчага кыскарарын элестетүү кыйын.


Анын үстүнө тышкы карыздын оорчулугу дагы көбөйдү. Анткени сомдун курсу кескин түшүп кетти. Байкап көрүңүз, быйыл 30 млрд. сомго жакын карыз төлөнүш керек. Ал карыздар доллар менен төлөнөт. Бирок бюджетке сом менен эсептелип чегерилген. Курс болсо 1 доллар -70 сом деп эсептелген. Бүгүнкү күндө 1 доллардын баасы 80 сомго чыкты. Демек, 30 млрд. сом курс 70 болуп турганда 375 млн. доллар болсо, жаңы курс менен 428 млн. доллар болот. Айырма 63 млн. доллар. Мына ушунча доллар кошумча төлөнүш керек.


Мына ушундай оор кырдаалда, дээрлик форс-мажор абал түзүлүп турганда мамлекет Кумтөр, Жерүй сыяктуу кендер боюнча келишимдерди кайра карап чыгууга тийиш.


Кумтөрдөн “Центерра” пайдага туйтунуп, кутуруп жатат. Эл аралык Mining.com компаниясынын эсеби боюнча, “Центерра” Кумтөрдөн бир унций алтын өндүрүү үчүн 553 доллар сарптайт. Башкача айтканда, Кумтөрдөгү 1 унций алтындын өздүк наркы 553 доллар. Базардагы баасы болсо 1700 доллар болууда. Ошентип, “Центерра” бир унций алтындан 1 миң доллардан ашык пайда көрүүдө. Жылына алар 500-600 миң унций алтын казып алышат. Былтыр 565 миң унций алтын казып алышкан. Бери дегенде 565 млн. доллар же азыркы курс менен эсептегенде 45 млрд. сомдон ашык таза пайда көргөн. Орустар айткан “сверх прибыль” дал ушуларда.


Президент, парламентте эрк болсо ушул маселе тез арада каралууга тийиш. 10 миң сом айлык алып албаган дарыгерлерибиз адистик бет кап, тийиштүү кийимдерге жетишпей, өмүрлөрүн тобокелге салып жатканда, алтын кендерди миллиондотуп уурдатуу Жаратканга да жакпаган нерсе.


Күнүмдүгүн күнүмдүк тапкан жаштарыбыз, студенттерибиз, базарларда араба сүйрөгөн жарандарыбыз, соодагерлерибиз өтө оор абалда. Аларга мамлекет бир тыйын жардам берүүгө кудуретсиз. Мындай оор абалда Кумтөр, Жерүй сыяктуу кендер маселеси форс-мажор түрүндө каралууга тийиш.


Бир эле Кумтөр, Жерүй эмес, Жалал-Абад облусундагы ири алтын кендер, Кыргызстанда бардык алтын кендер мына ушундай кылмыштуу жолдор менен каракталууда, тонолууда, ташылып чыгып кетилүүдө. Алардын баары форс-мажор түрүндө каралып, казылып алынган алтындын кеминде 50% мамлекетке калтырылыш керек.



Айданбек Акматов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн