Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:57
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Кумтөрдөн алынган 5 млрд сомдон ашык каражат максатсыз пайдаланылган

19.10.2021 12:22
2213
Кумтөрдөн алынган 5 млрд сомдон ашык каражат максатсыз пайдаланылган


"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан түшкөн 5 миллиард сомдон ашык каражат башка максаттарга жумшалган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы отчетунда айтылат.


2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кумтөрдөн түшкөн каражаттарды пайдалануу туура эмес жүргүзүлгөнү белгилүү болгон.


Тактап айтканда, конкурстук комиссиялардын жана өкмөттүн чечимдери жок, бюджеттин учурдагы чыгымдарын жабууга 3 миллиард 843 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.


Ошондой эле 1 миллиард 72 миллион - "Ишкердик субъекттерин каржылоо" программасынын алкагында региондорду өнүктүрүүгө.


Мындан тышкары, 522 миллион сом казыналык системадан тышкары сарпталган, башкача айтканда, алар 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө чагылдырылган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн