Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кумтөрдү иликтеген комиссия: Эл аралык сотко "жеңебиз" деп даярданып жатабыз

12.05.2021 16:54
1048
Кумтөрдү иликтеген комиссия: Эл аралык сотко "жеңебиз" деп даярданып жатабыз

“Кумтөр Голд” компаниясынын ишин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия ишкана боюнча маселени чечүүнүн үч жолун сунуштоодо. Бул тууралуу 12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.


Жапаровдун айтымында, юристтер эл аралык арбитражга даярдана берүүнү сунуш кылууда:


“Эл аралык сотко биз даярданып жатабыз. Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен бүт далилдердин баарын алып, эгер алар эл аралык сотко барса, балким, биз алардан биринчи сотко беришибиз керек. Биз “Барганда утулабыз” дебей, “Биринчи өзүбүздун соттордун баарын бүтүрүп, далилдерибиз менен барганда утабыз” деп, эгер утпай калсак утулуп калышыбыз мүмкүндүгүн эске алып, экөөнүн ортосунда сүйлөшүү процесси же тынчтык келишими бар деген үч жолду көрсөтүп жатабыз парламентке. Мурунку президенттер жана өкмөт башчылары “Эл аралык сотко барсак эле утулабыз, ошондуктан барбай эле коелу” деген бүтүмдөрдү эмненин негизинде чыгарганын таба албай койдук”.


Жапаров билдиргендей, эл аралык арбитражда териштирүү жарым жылдан он жылга чейин созулушу ыктымал.


Ошону менен катар Жапаров комиссия “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтырууну сунуш кылып жатканын билдирди жана “Майдан баштап алтын Кыргызстанда кала берсе 2-3 жыл Кудайдын жардамы менен соттошсок 30-50 тонна алтыныбыз болсо кимиси менен болсо да соттошо беребиз” деп белгиледи.


Бүгүнкү жыйында «Кумтөр Голд» Кыргызстанга салык жана санкция түрүндө 4 миллиард 952,8 миллион доллар (459 миллиард 558 миллион сом) төлөөгө милдеттүү экени айтылды.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн