Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:37
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

“Кумтөрдү” кайтарганы үчүн бүгүнкү бийликке алкыш айтышыбыз керек

19.06.2021 14:59
5633
“Кумтөрдү” кайтарганы үчүн бүгүнкү бийликке алкыш айтышыбыз керек


Канат Исаевдин өлкөдөгү акыркы саясий абал, коомдогу болуп жаткан окуялар тууралуу "Жаңы ордо" гезитине берген маеги.

- Канат Кедейканович, маегибизди азыркы маалда эң актуалдуу болуп жаткан “Кумтөрдөн” баштасак. Учурда тышкы башкаруу киргизилди, бирок биротоло кайтарылып алына элек. Элде күдүк ойлор көбөйүүдө, соодалашуунун негизинде кайра канадалык шылуундарга берилип кетпейби деген. Мындан аркы тагдыры кандай чечилет деп боолголоп жатасыз? Дегеле, “Кумтөр” боюнча чечим туура болдубу?

- “Кумтөр” боюнча бийликтин чечими абдан туура болду, мен муну толугу менен колдойм. “Кумтөрдү” башкарган канадалыктар жалаң алдамчылык жол менен иш жүргүзүп, кыргыздын ырыскысын тоноп, шылуундук жол менен байып келишти. Буга чейин ишмердүүлүгүн текшергенге бийлик тарабынан аракеттер жасалган маалда алар тийиштүү кызматтагы адамдарга анча-мынча каражат бере коюп, өздөрүнүн кызыкчылыгын камсыздаган келишимдерди түздүрүп, кыргыз элин алдап жүрүштү. Азыркы бийлик абдан туура чечим кабыл алып, чечкиндүү кадам таштады. Ооба, эми аягына чейин чыгыш үчүн өтө оор жана татаал жолдорду басууга туура келет. Бирок, тобокелчиликтен коркпостон элдин байлыгын мамлекетке кайтарып, ишти колго алганы абдан жакшы иш болду. Мен бийликтин бул чечимин колдоодон башка эч нерсе деп айта албайм. Негизи бул ишти 10 жыл мурун кылыш керек болчу. Мурунку бийликтер ымалашып, соодалашып, кандайдыр бир кызыкчылыктардын арты менен мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзгөнүн баары билип бүткөн эле. 2005-2010-жылдагы эки революциядагы элдин эң чоң нааразычылыгы ушул “Кумтөрдө” болгон. Демек, 10 жыл мурунку аткаминерлер революциядан кийин дароо азыркыдай чечкиндүү кадамга барыш керек болчу. Тилекке каршы, алар дагы мурункулардын жолу менен кетип, элдин талабы аткарылбай калган. Ал эми азыркы бийликтин бул кадамына алкыш гана айтам.

- 2012-жылы Садыр Жапаров “Кумтөрдү” иликтеген маалда кандай көз карашта болдуңуз эле?

- Толук кандуу эсимде жок, бирок тобокелчиликтерди сөзсүз эске алыш керектигин айтсам керек. Негизи бир нерсени моюнга алыш керек, биздин өлкөдө “Кумтөр” өңдүү чоң маселенин тагдырын парламент дагы, өкмөт дагы чече албайт, жалгыз гана президентке көз каранды. Азыр дагы Президенттин эрки болбогондо, парламенттин да, өкмөттүн да, жана Акылбек Жапаров жетектеген коммиссиянын да күчү жетмек эмес. Президент өз эркин көрсөтүп чечкиндүү кадамга баргандыктан, башкасы коюлган тапшырманы аткарды. Мурдагы президенттер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргобой, канадалыктар менен табакташ болуп алгандыктан, парламент менен өкмөт да ошол арыкты чабышкан.

- Демек, мамлекетке каршы келишимдерди түзгөн, элге каршы чечимдерди кабыл алган президенттер, өкмөт башчылары жоопкерчиликке тартылышы керек. Эл дагы ушуну талап кылып жатат, депутаттык комиссия дагы ушундай чечим чыгарды. Бирок, сиз камалгандарды колдогондой болуп жатасыз го...

- Албетте, кыргыз элине каршы чечим кабыл алгандар сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылышы керек, аны толугу менен колдойм. Бизде кандай болуп жатат? Менин Жогорку Кеңеште айткан сөзүмдүн мааниси башкада болгон. Мисалы, бизде адамдарды сотко чейин, тергөө маалында мыйзамсыз камашат. Камалган адамдар айлап, жылдап түрмөдө отурат. Кээ бири сотто акталып чыгып жатат. Айрымдары соттолуп, бирок 2-3 жылдан кийин акталып жатат. Демек, аны мыйзамсыз соттогон судья, мыйзамсыз иш алып барган тергөөчү, күнөөсүз кишиге айып койгон прокурор жазага тартылышы керек да. 2 жыл деген оңойбу? Анын ден соолугуна зыян келет, материалдык жактан жапа чегет, үйбүлөсү азап тартат. Мисалы, Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун убагын карасак, далай кишилер акталды, бирок мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн бир да укук коргоо кызматкери жоопкерчиликке тартылган жок. Демек алар жооп бербей турганын билип алып, кайсы бийлик келбесин тапшырма аткарып, иштерди бурмалап, мыйзамсыздыкты улантып кете берет. Азыр да ошол коркунуч бар. Мыйзамсыз чечим чыгарган соттор, бирөөлөрдү мыйзамсыз эркинен ажыраткан тергөөчүлөр жоопкерчилик тарта элек. Мен ушул жагдайды белгилеп, азыр камалгандар кайсы иш менен камалгандыгы боюнча толук маалымат жоктугун, болгону божомолдор гана бар экенин айттым.

- Ошондо, тергөө бүткөнгө чейин камабай эле койсо болмок деген нерсени айткыңыз келип жатабы?

- Ооба, камаш үчүн алгач күнөөсүн далилдеш керек да. Бизде тергөө учурунда камап алышып 5-6 айлап тергөө жүргүзүшөт. Ошол убакытта коюлуп жаткан күнөөлөр такталбай калса 5-6 айдан кийин чыгарып коёт. Азыр камалгандар жөнөкөй кишилер эмес, Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште эки жолу төрага болду. Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарды, 2017-жылы 600 миңден ашык элдин добушун алган. Ал эми Төрөбай Зулпукаров вице-спикер болуп эмгектенди. Үчөө тең салмактуу саясатчы, кичи мекенинде чоң колдоосу бар инсандар. Келечекте буларга коюлган айыптар такталабы? Эгер такталбай калса кандай болот? Камалышына ким жооп берет деген маселе эртең козголбой койбойт. Убагында Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев да мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылды эле. Өмүрбек Текебаев узак мөөнөт абакта отурду. Кийин мыйзам жолунда чечим чыгып, баары акталды да.

- Анда, эртең акталып кетиши мүмкүн деп камабай коюшубуз керекпи?

- Эч ким каршы эмес, күнөөсү далилденсе камай берсин. Бирок, эмнеге айыпталганын так айтпай, тергөө жүрүп жаткан маалда камап коюу туура эмес. Кандайдыр бир кылмышка шектелген адамдын бөгөт чарасын аныктоонун ар кандай жолдору бар. Мисалы, Америкада акчалай күрөө коюшат. Атайын кур менен көзөмөлдөгөн ыкма бар. Же шакек тагып коюп, шектүүнүн бардык кыймыл аракетин аныктаган жолдору бар. Кайсы бир акылмандын: “Бир күнөөсүз адам камалгандан көрө, жүз күнөөлүү сыртта жүрсүн" деген мааниси терең сөзү бар. Андыктан, бирөөнү камардан мурда күнөөсүн тактап, далилдеп, анан камашы керек. Бизде такталбаган маалымат менен канчалаган адамдар камалып, моралдык жактан сынды, ден соолугунан ажырады. Мисалы, Өмүрбек Текебаев канча жыл отурду. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдор, мен өзүм деле азап тарттым. Албетте, мезгил өткөндө баарыбыз акталдык. Бирок, тергөөчүлөр, соттор жооп берген жок. Ден соолукка канча зыян келди. Жакын адамдар, ата-эне, бала-бакыра, бир туугандардын ден соолугуна да сокку болду. Ошол себептен мен парламенттен кайрылып, тергөө деген бул изилдөө гана, күнөөлүү же күнөөсүз экени аныктала элек маал. Коюлган айып такталып же такталбай калышы мүмкүн. Ошондуктан, саясий ишмерлерди камап коюу туура эмес. Аты чыгып, мамлекетте 2-3 адам болуп иштеген кишилер. Алардын да жакындары, балдары бар. Мени камаган учурда 3 жыл СИЗОдо отуруп, соттон таптаза акталып чыккан кишини көрдүм. Ал күнөөсүз кишинин 3 жылдык өмүрүн, убактысын алып, азапка салгандар жооп бериши керек да.

- Бийлик саясий упай топтош үчүн, өзүнүн бийлигин сакташ үчүн же өч алыш үчүн саясатчыларды камайбы?

- Бардык элементтер бар. Кээде өч алыш үчүн, кээде өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн, айрым бир учурда эл алдында упай топтош үчүн барат. Эми анын баарын бир стандарт менен кароого болбойт. Кээ бирде чынында эле тергөөнүн жүрүшүнө тоскоол болуп калбасын же качып кетпесин деп камаган учурлар болот.

- Накта саясат жыттанган камоолор жокпу?

- Азыркы камоолорду саясий эмес деп айтууга болбойт, убакыт гана чын-бышыгын тастыктайт. Маселен, Жеңиш Молдакматовдуку саясат да. Октябрда Жеңиш жалгыз келип бийликти басып алган жок да. Канчалаган кишилер бар эле. Анан жалгыз эле Жеңишти камоо туура эмес. Баарын камаш керек же Жеңишти чыгарыш керек. Бул калыстыкка жатпайт.

- Сиз азыркы бийликтин саясатын сындап келдиңиз эле, азыр деле ошол көз караштасызбы?

- Туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп эле айтам. Жакшы иш кылса деле жаман кылды деп жамандай бергенден алысмын. Же анча-мынчаларга окшоп, жаман кылса деле жакшы кылды дегендердин катарына кошула албайм. Мисалы, “Кумтөр” боюнча туура кылды, аны айтып жатам.

- Сиз Атамбаев учурунда куугунтук көрдүңүз, азыр андай нерселер боло элекпи?

- Азыр өзүмө гана боло элек, бирок жакындарыма болду. Бир туугандардын баарын кызматтардан алышты.

- Баса, сиздин досуңуз Шаршенбек Абдыкеримовго дагы аябай басым-кысым болуп, бизнеси тыкыр текшерилүүдө деген сөздөр бар. Социалдык түйүндөрдө “жакында камалат” деген маалыматтар дагы чыгып кетти, булардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Эми анын камаларын же камалбашын билбейбиз, андай маалыматты бизге бербейт. Ал эми текшерүүлөр жүрүп жатат. Шаршенбек Абдыкеримов өзү Кыргызстанда эмес, ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүрөт. Эң алды, ден соолугу жакшы болуп кетишин тилеп жатабыз.

- Басым-кысымдан улам ден соолугуна күч келдиби?

- Ден соолугунда көп жылдардан бери маселе болуп, дарыланып жүрчү.

- Канат байке, чек ара маселеси да аябай олуттуу болуп жатат да. Кечээ жакында Чоң-Алайда дагы конфликт чыгып кетейин деп барып токтоду. Мунун алдын алууда эмнелерди кылыш керек?

- Бизге согуштун кереги жок, ал баарына маалым. Баардык маселени сүйлөшүү жолу менен гана чечип, кан төгүлгөн согушка жеткирбегенге аракеттер көрүлүп жатат, бул туура. Албетте, “Тынчтыкта жашагың келсе согушка даярдан” деген улуу сөздү эстен чыгарбашыбыз керек, биз күчтүү болсок, эч ким кол сала албайт. Күчтүү болуш үчүн эң алды коом ынтымакка келиши керек. Мамлекетти алдыга жылдыруучу пландарды иштеп чыгып, экономиканы күчөтүү абзел. Эң башкысы, ишкерлерге кысым көрсөтө бербеш керек. Эгер бул жорук уланса, сырттан инвесторлор келбейт, тескерисинче, ичтеги инвесторлор сыртка кача баштайт. Ошон үчүн ишкерлерге өтө этият мамиле жасоо зарыл. Алар бюджетке көп суммада салык төлөп, жумуш орундарды түзүп жатат. Мамлекет кылбаганды азыр ишкерлер кылып жатат да. Пандемия шартында анча-мынча салык төлөбөсө көз жумуп коюш керек. 100 пайыз төлөбөсө дагы 30-40 пайыз төлөп жатышат да. Жумуш орун ачып, экономиканын алдыга жылышына аз да болсо салым кошуп атат. Ошон үчүн мен бийликтен суранам, ишкерлерге абайлап мамиле жасашы керек.

- Мындан сырткары дагы өнүктүрүү жаатында ойлор барбы?

- Камоону азайтуу керек, камагандан мамлекет пайда таппайт. Ооба, өтө чоң кылмыш кылгандар жооп бериши шарт, бирок эркиндигин чектөө эң акыркы кадам болушу керек. Өткөндө бир чайга чогулган 12 кишинин 2сү гана отуруп чыкпаптыр. Жакында 10 чакты киши пресс-конференция бердик, анын дагы 2сү эле отурбаптыр. Бул абдан кейиштүү көрүнүш. Биз өзүбүздү өзүбүз кор кылып жатабыз. Илгери атасы түрмөдө отурса баласы, баласы кесилип кетсе ата-энеси уялып, сөзү кыска болуп калчу. Азыр бир чекеден камай берип, түрмө деген уят болбой калды. Мурун таптакыр чээнден чыккандарды түрмөгө алып барып оңдошчу, тарбиялашчу. Жоопкерчиликке тартуу эң акыркы жолу болчу. Мындай кетсек биз кантип түзөтүү, оңолуу жолуна түшөбүз. Адамдарда түрмөдө отуруп калам деген коркуу сезими болушу керек, аны жоготтук. Элдик саясатчылардын 70-80 пайызы отуруп келип, камалуу дегенден коркпой да, өөн көрбөй да калды. Саясатчылардын теңинен көбү отуруп чыкты окшойт, азыр да уланууда. Бакиевдер Акаевдин учурундагыларды отургузушкан эле, Атамбаевчилер Бакиевдин учурундагыларды отургузуп, Жээнбековдор Атамбаевдин адамдарын камаган. Азыр Жээнбековдун адамдарын түрмөгө отургузуп баштады. Эми ушинтип улантып кете береби? Бул көрүнүш жакшы эмес да. Уруу-уруу, партия-партия болуп бөлүнүп, саясий күчтөр бирин бири камай берсе, эч убакта мамлекетибизде өнүгүү, өсүү болбойт. Демек, кыргыз эли ынтымакка келип, биримдиктин жолун аныкташы керек. “Ынтымак бар жерде ырыс бар" деп бекеринен айткан эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн