Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

«Кумтөрдү» өзүбүз да ийгиликтүү иштете аларыбызды көрсөтө алабызбы?

18.05.2021 10:30
1049
«Кумтөрдү» өзүбүз да ийгиликтүү иштете аларыбызды көрсөтө алабызбы?

Ошентип 17-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр» компаниясынын иши боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын отчетун угуп, анын компанияга убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушун колдоп берди. Ал эми мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартышты. Эми алтын кенинин ишин министрлер кабинети башкарууга алат.


Албетте, тээ 2000-жылдардын баш чендеринен тарта эле ызы-чуусу аяктабай, улам кийинки бийликтин убагында Кыргызстандын кызыкчылыгына чечилсе керек деген үмүттөрдү жалп өчүрүп келаткан «Кумтөр» маселеси боюнча бийлик тарабынан жасалган биринчи жолку ачык-айрым жана акыйкат кадам болду. Мамлекеттик комиссия баарын төкпөй-чачпай, ишенимдүү фактылар менен айтып, «Кумтөр» алтын кенинен Кыргызстан баш-аягы 1,5 миллиард доллар пайда тапса, «Центерра» 11,5 миллиард доллар пайда тапканын, «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн алган айлык акыларынын көлөмү да ар башкача болуп келгенин (мисалы айрымдары 14 миң доллар алса, айрымдары 200 миң доллардан ашуун алып келишкен), алтын кенинде техникалык коопсуздуктар жакшы сакталбагандан улам иш убагында 61 кырсык катталып, 12 кыргыз жараны каза болгонун, экологияга кандай орду толгус зыян алып келишкенин, канча салыкты төлөбөй коюшканын, кимдерге, кайсыл жылы мыйзамсыз жол менен демөөрчүлүк кылышканын, айтор бардык мыйзамсыз иш-аракеттерин ийне-жибине чейин түшүнүктүү кылып айтып беришти. Алтын өзүбүздү болсо дагы, пайдасын канадалыктар көрүп, зыяндуу калдыгын гана өзүбүзгө калтырып жатканыбызды акыры түшүндүк. Мындан улам парламент депутаттарынын «Кумтөр» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүү чечимин эл да колдоп турат.


Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров алтын кенинде иш үзгүлтүккө учурабай тургандыгын айтты. «Алтынды өзүбүз сатканга жана экономикага иштеткенге бардык механизмдерди үч айда бүтүрдүк. Иш үзгүлтүккө учурабайт. Биз кенди 24 саат иштеткенге даярбыз», - деди ал.


Ал эми ошол эле 17-майда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтом кабыл алды. Эми анын буйругу менен «Кумтөр» кенгин убактылуу ким жетектеп тураары да белгилүү болушу керек. Марипов кол койгон токтомго ылайык, тышкы башкаруучу кандай критерийлерге ээ болушу керектиги да көрсөтүлгөн. Биринчи кезекте Кыргызстандын жараны болушу керек. Экономикалык, юридикалык же техникалык чөйрө жаатында жогорку билими, 5 жылдан кем эмес жетекчилик тажрыйбасы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы да болушу шарт. Убактылуу башкаруучуга коомдун уставында, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын акционердик коомдордун ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында каралган коомдун аткаруучу органынын бардык ыйгарым укуктары берилет.


Бир гана чоочуткан жагдай бар. Эми «Кумтөр» кенин өзүбүз да эң мыкты деңгээлде, банкротко учуратпай, «кыргызчылыкты» аралаштырбай иштетип кете алсак экен деген. Өзүбүздүн каныбызга сиңип калган туугун-уруктук, жек-жааттык кызыкчылыктарыбыз ойгонуп кетип, компанияда узак жылдардан бери иштеп келаткан тажрыйбалуу адистердин ордуна өзүбүздүн жакындарды дайындап жибербейбизби? Билинбей деле калса керек деген ой менен алтын кенинен алтын уурдап чыккысы келгендер пайда болбойбу?


Убактылуу тышкы башкарууну колуна алган министрлер кабинети ушул жагдайларды да алдын алат деген үмүттөбүз. Албетте, алтын кени өзүбүзгө иштеши керек. Бирок, аны дүйнө коомчулугуна уят болбогудай деңгээлде иштетип кетүү да өтө маанилүү.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн