Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:03
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кумтөрдүн каржы бөлүмүнүн башчысы бир айга камалды

15.09.2022 11:09
860
Кумтөрдүн каржы бөлүмүнүн башчысы бир айга камалды

 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун каржы башкармалыгынын директору Рысбек Токтогул СИЗО-1ге камакка алынды.


Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 14-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан Р.Т. баш коргоо чарасы каралып, бир айлык мөөнөткө камакка алуу чечими чыккан.


Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн