Өткөн аптада Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр
Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке
261 млрд 719 млн 674 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин кабыл алды.
Албетте, бул чечим бүгүнкү бийликтин «Кумтөр» алтын кенинин Кыргызстандын
кызыкчылыгына иштешине ниети түз экендигинен кабар берет. Эгерде канадалык
инвесторлордун өлкө экологиясына терс таасир тийгизүү менен иштеп жатканына көз
жумуу болсо, анда бул бийлик деле жең ичинен сүйлөшүүгө жол берди деген түшүнүк
жаралмак.
Бирок, райондук соттун чечими – бул биринчи гана кадам. Канадалыктар албетте дароо эле райондук соттун чечимин аткара коюшпайт. Алар да өздөрүнүн негиздерин келтиргенге аракет жасашат. 1990-жылдардын башынан тарта «Кумтөрдүн» алтыны менен эбегейсиз кирешеге маарыган инвесторлор соттук териштирүүлөр үчүн акча каражатын аяшпайт. Шаардык сот, анан Жогорку сот болот. Ошону менен эле токтоп калышы да күмөн. Андыктан чечкиндүү кадамды жасагандан кийин эми кыргыз бийлиги эл аралык сотто да «Кумтөр Голд» компаниясынын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганын ишенимдүү түрдө далилдеп бере ала тургандай болушу керек. Башталган ишти аягына чыгаруу шарт. Анүчүн эл аралык деңгээлде мыйзамды чага билген адистерди тартуу зарылчылыгы бар. Канадалыктардын ар кандай шектүү сунуштарына азгырылып кетпей тургандай адистер менен иштешүү маанилүү.
Качан гана эл аралык соттон өз чындыгыбызды далилдеп, 261 миллиарддан ашуун каражат мамлекеттин эсебине которулгандан кийин гана жеңишти майрамдай берсек болот. Азырынча «Мына бүгүнкү бийлик чечкиндүүлүгүн көрсөттү, «Кумтөрдү» ушунча миллиардка доого жыкты» деп мактанууга эрте.
Эми ушул Акаевдин доорунан бери чуусу бүтпөй келаткан «Кумтөр» жагдайы Кыргызстандын башка кен байлыктарын иштетүү аракеттеринен жаралып калбайбы деген суроо бар. Жакында эле Талас облусундагы «Жерүй» алтын кени ишке кирди. Ал кенди иштетүү лицензиясы россиялык «Альянс-Алтын» компаниясына тиешелүү. Лицензия Атамбаевдин доорунда 100 миллион долларга сатылган. Өкүнүчтүүсү, бул кенди иштетүүдө Кыргызстандын эч кандай пайыздык үлүшү жок болуп калганында болду. Ошондон улам эми «Жерүй» «Кумтөрдөн» кийинки эле чуулуу маселеге айланып калган жокпу деген суроо турат. «Кумтөрдө» жок дегенде 26% үлүшүбүз бар экен, ал эми «Жерүйдө» эмне үчүн үлүшүбүз жок? Же андагы алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдарды бар болгону 100 миллион долларга баалап салдыкпы? Албетте, ал жерде кыргызстандыктар иштейт, айлык акы алышат, соцфондко төлөнөт, салык төлөмдөрү болот. Бирок, таза кирешеден эмнеге үлүш алууга болбойт эле? Бир топ жыл өткөндөн кийин эми «Жерүйгө» байланыштуу соттошуп жүрбөйбүзбү?
Бир жолу сабак алып, аны экинчи кайталабоо өтө маанилүү эле. Балким, «Жерүй» кени аркылуу биз экинчи ирет жаңылып алдык. Эми мындан аркы жаңылууларга жол берүүгө болобу? Мисалы, «Жетим-Тоо» кени боюнча. Инвесторлордун колуна салып берип эле жоопкерчиликтен кутула бербей, мамлекет өзү 100% иштетсе кандай болот? Инвесторлор алган кредитти өзүбүз эле алып, өзүбүз эле мыкты адистерди жалдап, же даярдап, салыкты деле өзүбүз төлөп, соцфондду деле өзүбүз төгүп, айлык акыны деле өзүбүз алып, кирешени деле өзүбүздө толугу менен калтырсак жаманбы? Ошондо өзүбүздүн экологияга өзүбүз жеткиликтүү кам көрүп, эч кимди күнөөлөбөй, эч ким менен соттошпой эле өлкө экономикасын көтөрө алат элек.
Азыр «Кумтөргө» байланыштуу соттук териштирүүлөрдүн башталышы гана болуп жатат. Эми анын уландысына эбегейсиз чоң каражаттар талап кылынат. Эл аралык сотко барсак, анда да чоң суммадагы каражаттар сарпталат. Адистер бекер иштеп бербеши бештен белгилүү да. Ал аракеттер майнаптуу болуп, канадалыктар айып пулду төлөп бере тургандай болсо жакшы, а эгер андай болбой калса, анда соттошууга кеткен каражаттар жөн эле ашыкча чыгым болду дегендикке жатат. Демек, ушундай жолду кайталап калбаш үчүн, азырынча лицензиясы бериле элек кен байлыктарыбызды ойлонбой кармата берүүдөн оолак болуу шарт. Же бир гана жол – мамлекет өзү иштетет деген позицияны кармануу зарыл.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн