Бугу 08, 2024
Убакыт: 16:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Кумтөргө» байланыштуу камоолор саясий кызыкчылыктардын курмандыктарын пайда кылбашы маанилүү

01.06.2021 10:10
1194
«Кумтөргө» байланыштуу камоолор саясий кызыкчылыктардын курмандыктарын пайда кылбашы маанилүү

Буга чейин «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу маселе боюнча бир катар экс-чиновниктер, айрым Жогорку Кеңештин депутаттары да суракка чакырыла турганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында билдирген эле. Ошондон бери «Алар кимдер?», «Качан чакырылат?» деген суроо коомчулукту кызыктырып турган.


Бул суроого коомчулук 31-майда жооп ала алды окшойт. Бул күнү бир катар үлкөн чиновниктер, таасирдүү саясий фигуралар адегенде УКМКга суракка чакырылып, андан кийин камакка алынышты. Суракка чакырылган парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, депутаттарга «Кумтөр» кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу айып тагылды.


Ошол эле күнү «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысына байланыштуу мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев да камалды. Ушул эле маселе боюнча дагы бир экс-премьер И. Чудинов да сурак берип чыкканы белгилүү болду.


Айтор, бир эле күндүн ичиндеги бир нече суракка чакыруулар, анын артынан камакка алуулар күндүн башкы темасына айланды. Бийликтин бул кадамдарын коштоп, кубаттагандар да, ошол эле убакта саясий оппоненттеринен өч алуу катары сыпаттагандар да бар.



Ырас, «Кумтөр» алтын кени кыргыз элинин табият тартуулаган байлыгы болгонуна карабастан, анын пайдасын чет элдик шылуундар менен кыргыздын бир ууч аткаминерлери эле көрүп келишкени жашыруун эмес. Кыргызстандын кызыкчылыгына кыянаттык менен түзүлгөн келишимдерден улам алтын кени казылып башталгандан бери канадалыктар 11,5 миллиард доллар пайда тапса, Кыргызстан бар болгону 1,5 миллиард доллар алыптыр. Алтын өзүбүздүкү болгону менен, аны канадалык шылуундарга тарттырып келгенибизди түшүндүк.


Мындан сырткары «Кумтөрдү» иштетүүдө экологияга эбегейсиз зыян келип, мөңгүлөрдүн да жок болуп кетишине жол бериптирбиз. Албетте, мында ошол «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча түзүлгөн келишимдерге салымы бар кыргыз чиновниктеринин да опол тоодой күнөөсү бар.


Эми «Кумтөрдөгү» акыйкаттыкты орнотуу үчүн эл аралык сотто кыргыз бийлиги эки жагдайды так жана даана далилдеп бериши керек. Биринчиси, экологиялык оор зыяндарды. Азыркы тапта дүйнө коомчулугу экологияга өзгөчө басым жасап турган убагы. Эгерде канадалыктар инвесторлордун Кыргызстанда экологияга кандай оор кесепеттерди тийгизгенин фактылар менен далилдеп бере алсак, ал биздин жеңиш үчүн жасалган кадам болот.


Ошол эле убакта келишимдерди түзүүдө кыргыз чиновниктеринин канадалыктар менен кандай коррупциялык иштерге аралашканын далилдесек, бул жеңишти толук камсыздоонун өбөлгөсү. Андыктан «Кумтөр» боюнча түзүлгөн келишимдерде коррупцияга аралашкан чиновниктердин күнөөлөрүн далилдеп, аларды жоопкерчиликке тартуу учурдун талабы.


Бирок, бул маселе саясатташып кетпеши маанилүү. Бул жерде жөн гана саясий кызыкчылыктардын кагылышынын курмандыктары пайда болбошу зарыл. «Ушул чиновниктерди камасак, айрым саясий күчтөрдүн колдоосуна ээ болобуз» деген позиция болбошу керек. Соттук процесстер ачык өтүп, тергөөдө далилденген фактылар да коомчулукка ачык айтылышы шарт. Бардыгы айныгыс фактылар менен далилденсе гана жеңиш жалпыбыздыкы болот. Эгерде бул жерде саясий кызыкчылыктардын кагылышы да роль ойноп кетсе, анда эртең эле ал кылмыш иштери кайра каралып, баары тескерисинче болуп калышы мүмкүн. Себеби бүгүнкү күндөгү көрүнүш мунун айныгыс далили болуп турат. Соттолуучунун отургучунда отургандардын чындыгын укпай коюнун натыйжасы эмнеге жеткирерин да көрүп турабыз. Эми мындай жагдай кайталанбашы керек. Баары фактылар менен гана далилденип, ал коомчулукту 100% ишендире алуусу башкы маселе.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн