Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

«Кумтөргө» байланыштуу коррупцияны ачууда бийликке эмне үчүн оор болот?

01.06.2021 13:03
1192
«Кумтөргө» байланыштуу коррупцияны ачууда бийликке эмне үчүн оор болот?


Ооба, «Кумтөр» алтын кенин толук түрдө өзүбүздүн карамагыбызга ала элекпиз. Учурда аны Кыргызстандын министрлер кабинети убактылуу башкарууда. Алтын кен казылып баштагандан берки жоготкон кирешелерибизди, талкаланган экологиябызды кайра калыбына келтирип, калган-каткан алтынды да өзүбүздүн мамлекеттин гана кызыкчылыгына пайдалануу үчүн эл аралык сотто өз дообузду, арыз-муңубузду кашкайган фактылар менен далилдеп беришибиз керек.


«Центерранын» Кыргызстандын экологиясын көз көрүнөө эле талкалаганын эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу экологдордун жардамы менен далилдей алышыбыз мүмкүн. Бул жагы келишимдерди түзүүдөгү коррупцияларды аныктоого караганда кыйла жеңил. Талкаланган мөңгүлөр турат, кооптуу калдыктар жатат.


Ал эми «Кумтөр» долбооруна байланыштуу түзүлгөн келишимдердеги коррупциялык элементтерди таап чыгуу кыйла оор болушу күтүлөт. Себеби, мында бир эле чиновник эмес, бир нече ондогон чиновниктердин катыштыгы бар экени түшүнүткүү. Болгондо да буга чейинки өлкөнү башкарган үч президенттин убагында «Кумтөргө» байланыштуу келишимдер түзүлгөн. Анан албетте, ал мурдагы президенттердин ар бири өздөрүнүн убагында түзүлгөн келишимге чаң жугузбай, өзүнө чейинкилерди, же өзүнөн кийинкилерди айыптагысы келет. Буга чейин коомчулук Акаев менен Бакиевдин «Кумтөргө» байланыштуу мамлекеттик комиссиянын иликтөөлөрүнө жооп кылышканын укту. Экөө тең өздөрүнө чаң жугузгулары келген жок.


Келишимдердин түзүлүшү бир гана президенттин эрки менен да жасалышы мүмкүн. Бирок, аны колдоп-коштоп берген командасы болот. Алардын колдоп-коштоп бергени үчүн түрдүү «ыраазычылыктары» жасалат. Андай «ыраазычылыктар» документтештирилбейт. Маселе мына ушул жерде. Кайсы бир чиновниктин «Кумтөр» келишими боюнча «ыраазычылык» алганы белгилүү болуп турса да, аны тастыктай турган факты табылышы кыйын болот. Ал эми бул маселени коррупцияга аралашып калгандар бири-бирин жакшы эле билишет болуш керек. Бирок, алар да бири-биринин былыгын чукуй албайт. Себеби, бирөөсү эле башка бирөөнүн кандай «ыраазычылык» алганын ачыктай турган болсо, анда чынжырча үзүлдү дей берсек болот. Натыйжада аны үзгөн чиновник өзү да туткунга түшөт. Өтө чоң суммадагы байлыктарынан, мүлктөрүнөн ажырап калуудан корккондор бири-биринин айыбын жашырып, «баарынан кол жууп калганча, бул бийлик алмашканга чейин түрмөдө эле отуруп турайын» деген позицияны кармануулары күтүлөт.


Бирок, тергөөнүн өзүнүн амалдары бар. Анан дагы мындай маселени олуттуу көтөрүп жаткандардын арасында өздөрү коррупцияга аралашпагандар гана болушу керек. Ошондо гана тергөөдө эч нерсе жаап-жашырылбай, «ушул жерин бир аз байкатпагандай кылып коелу» дегидей себеп болбойт. Бирөөдөн чындыкты талап кылып жаткан адамдын өзүнүн илинчеги болбошу шарт. Ошондо гана жогоруда айтылган чынжырчаны бир эмес, бир нече жеринен үзүп салууга мүмкүнчүлүк болот. Азыр ошол чынжырча бүтүн боюнча турат. Калганын эми убакыт көргөзөт.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн