Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кумтөргө байланыштуу үч орчундуу маселе бар

12.05.2021 00:58
766
Кумтөргө байланыштуу үч орчундуу маселе бар


Кумтөр маселеси козголуп калгандыгына байланыштуу 3 орчундуу маселе бар. Бул маселелердин терең каралышы жана укуктук жактан чечилиши башка маселелердин чечилишин шарттайт.

1. 2003-2004-жылдардагы Кумтөр кенин реструктуризациялоодогу Кыргыз Республикасына жасалган кыянаттыкты иликтөө, бул маселе боюнча кылмыш ишин ачуу, күнөөлүлөрдү жоопко тартуу. Ошол кыянаттык иштин натыйжасында Кумтөрдөгү биздин үлүш 67 пайыздан 33 пайызга түшүп, кенбайлыкты башкаруу укугунан ажыраганбыз.

2. 2008-2009-жылдардагы Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү мурдагы кыянаттыкты андан ары бекемдөө, Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзамсыз ратификациялоо жана укуктук негиз жок болсо дагы Конституциялык сотто бекитип берүү иштери боюнча дагы кылмыш ишин ачуу, кыянаттыкты уланткандарды жоопко тартуу.

3. 2017-жылдагы Центерра менен жаңы келишимдерге кол коюу менен мурдагы кыянаттыкты андан ары тереңдетүү, мөңгүлөрдү эркин жок кылууга жол ачкан мыйзамды кабыл алуу боюнча дагы кылмыш иши ачылышы зарыл. Ошондой эле мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мыйзамдын демилгечилери, ошол мыйзамды кабыл алып жана ишкер киришкен мамлекеттик чиновниктер дагы сот жообуна тартылганы туура.

Мына ушул 3 маселе чечилмейин жакында райондук соттүн өкүмү менен Кумтөр боюнча алынуучу акча-каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндө ойлонуунун да зарылчылыгы жок. Анткени ал жакта ар бир тонна топурак мөңгүнүн үстүнө биздин Өкмөттүн уруксааты менен төгүлгөн, мөңгүлөр биздин жардам менен жок кылынган. Тилекке каршы бул ачуу чындык.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн