Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Күн дагы ысыйт. Бишкек мэриясы шаардыктарга эскертүү берди

04.07.2021 18:04
821
Күн дагы ысыйт. Бишкек мэриясы шаардыктарга эскертүү берди

Жакын арада борбор калаада күн дагы ысыйт, андыктан көчөгө көп чыкпай, сак болуп, ден соолукка көз салуу зарыл. Бишкек мэриясынын мындай эскертүүсүн алардын маалымат кызматы таратты.


Муниципалитет шаардагы ишкана ээлерине өздөрүнүн кызматкерлери, кардарлары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берип, муздак суу, кондиционер, желдеткич менен камсыз кылууну сунуштаган.


"Урматтуу шаардыктар, мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгы узак убакыт көчөдө, күндө жүрбөш керектигин эскертет. Жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийип, суу ичүү тартибин сактап, тамакты аз-аздан, бирок тез-тез жеп туруу кеңешин беребиз", — деп жазылат кайрылууда.

Мэриянын маалымат кызматы ордо калаада күн сайын саат 10:00дөн 19:00гө чейин фонтандар иштеп жатканын кошумчалады.


"Ала-Тоо" аянтындагы жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтандар 21:00гө чейин иштейт. Алар эки жума сайын тазаланып турат. Филармониянын алдындагы фонтан тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу иштебейт", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия ысыкка байланыштуу бак-дарактарды сугаруу жана көчөлөрдү жууган иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын кабарлады.


Булак: "Спутник Кыргызстан"


..

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн