Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 16:15
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Кунарсыз жайыт жерлер үчүн үрөндөр акысыз таратылууда

07.10.2025 12:12
62
Кунарсыз жайыт жерлер үчүн үрөндөр акысыз таратылууда


Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан аймактарда кунарсыз жайыт жерлер үчүн үрөндөр акысыз таратылууда.


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, бюджеттен бөлүнгөн 50 млн сомго жайыт чөптөрүнүн жана эспарцеттин үрөндөрү сатып алынган.


Жалпысынан 173 тонна үрөн 9 650 гектар кунарсыз жайыт жерлерди жакшыртуу үчүн каралган.


Учурда үрөндөр Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Талас облустарына жеткирилди. Учурда Ысык-Көл облусунда таратылууда.


Министрликтен белгилешкендей, бул демилге жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, мал чарбасы үчүн тоют базасын чыңдоого жана айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн