Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Күндө ичип алып жаңжал салган инисин агасы өлтүрүп койду

21.09.2021 10:22
375
Күндө ичип алып жаңжал салган инисин агасы өлтүрүп койду

Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда бир туугандар ортосунда уруш чыггып, бычактан алган жаракатынан улам иниси каза болду. Ош ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, 21-сентябрда эртең менен орун алды.


"1993-жылы туулган М.Д. аттуу жаран эртең менен мас абалында үйүнө келип бир тууган агасы менен конфликтке барган. Алардын жаңжалына апасы аралашып, саат 6 жарымда баланы эс алсын деп жаткырып коюшкан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин М.Д. агасына келип кайра уруш чыгарган. Бул учурда ачуу үстүндө агасы инисинин санына бычак сайган. Алган жаракатынан улам М.Д. каза болду. Агасынын айтымында, иниси күндө ичип келип, жаңжал салчу", - дешти мекемеден.


Бир тууганынын өлүмүнө шектүү 1990-жылы туулган. Убактылуу эч жерде иштебейт, ажырашкан, бир кызы бар.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн