Күндүн ысышы коронавирустун жок болуп кетүүсүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун
басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 6-июндагы брифингде билдирди.
“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму берген көрсөтмөлөрдү сактоо керек. Күндүн ысык болгону илдеттин таркаганына эч кандай таасирин тийгизбейт. Климаты ысык өлкөлөрдө да илдет таркап жатат. Элдер көзгө, мурунга жана беттин башка бөлүктөрүнө колдорун тийгизгени болбойт. Бул илдеттин дем алуу органдарына тез таркоосун алып келет”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн