Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кундуз Жолдубаева: Партия төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын тапшырдым

27.05.2020 16:47
1254
Кундуз Жолдубаева: Партия төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын тапшырдым

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева кызматын тапшырганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда жарыялаган.


 “Расмий түрдө партия төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын тапшырдым. Саясий кеңеште мүчөлүгүмдү убактылуу токтоттум. КСДПнын катардагы мүчөсү болуп кала бермекчимин”, - дейт ал.


Буга чейин КСДПны парламент депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп турган. 27-майда анын ордуна Анвар Артыков шайланганы белгилүү болду. Ошондой эле партиядан Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, Кундуз Ажыбекова чыгып кеткени маалымдалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн