Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:13
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Балык чарба департаменти чала иштеп жатат”

01.05.2024 19:09
5375
Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Балык чарба департаменти чала иштеп жатат”


- Кундузбек Кошалиевич, бүгүнкү күндө балык чарбасы биздин экономикага кадимкидей үлүш кошууда. Бирок, ошол эле учурда ал экологияга зыян тийгизип жатканы да жашыруун эмес. Бул көйгөйдү кантип чечсе болот?


- Муну мен комитеттен да айттым. Биздин балык чарба департаментинин жетекчиси туура иш алып барбаганынан болуп атат. Илимдер академиясына жакшы көңүл бурулбай, аны натыйжалуу иштете албаганыбыздын кесептинен ушундай көйгөй чыгууда. Балык чарба департаменти илимдер академиясы менен толук кандуу иштебегендиктен, ветеринардык кызматты дагы өтө ыңгайсыз абалда калтырышты. Ал жерде балыкты кандай кылып өстүрүп, багуу боюнча өздөрүнүн нормасы, протоколдору бар. Ошолор сакталбай жатат. Россиянын “Росселхознадзор” деген компаниясы биздин балыктарды экспорттоого тыюу салып койду. Ал эмнеден? Эрежелер сакталбаганынан. Бул бардык чарбаларга таасир этүүдө. Токмоктогу кыртышты тазалаш үчүн билесиңерби канча чыгым кетет? Мунун баары балык чарба департаментинин күнөөсү. Керек болсо чыгымдардын баарын эсептеп туруп, юридикалык баа бериш керек. Эгер мындай абалда кетсе, Токтогул суу сактагычы да булганат. Балыкты өстүрүүдө икрадан баштап процедура сактылышы зарыл. Вакцинация деген бар, аны сакташ керек. Анын баарын кылбай келип, анан балык өстүрөм деген абсурд да! Илимдер академиянсына кызматы үчүн биртике акча төлөш керек. Ошондон качып, мына эми жыйынтыгы кандай болгонун көрүп атабыз.


Экинчиси, балык өстүргөн көлмөлөрдүн баары тийиштүү деңгээлде каттоодон өтүшкөн эмес. Кечээ Акбөкөн Дүкенович туура маселе көтөрдү. Буларды каттап, ар бир чарчы метрине аренда төлөнүшү керек. Анан ижара бергендер дагы “мындай кылып баккыла, эртең кыртыш ууланып калбасын” деп өзүнүн кеңеш-сунуштарын берип турушу керек.


- Уруксатсыз иштеп жатышса, анда коррупция да болуп жатса керек?


- Уруксаты жок иштеши мүмкүн эмес. Департамент чала иштегенинен болуп атат. “Токтогул суу сактагычында мамлекеттик өнөктөштүк менен иштейли” деген программаны дагы департамент иштетпей койду. 

Булак:  "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн