Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:11
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Бир күндүк маянамды сөзсүз котором”

30.01.2024 09:41
341
Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Бир күндүк маянамды сөзсүз котором”


- Кундузбек Кошалиевич, сиздин тик учак кулаганынын кесепетинен курман болгон учкучтун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү жана жаңы тик учак сатып алуу үчүн бир күндүк эмгек маяналарды которуу боюнча сунушуңуз эки жолу добушка коюлуп, экөөндө тең өтпөй калды. Кандай дейсиз, кесиптештериңиз сунушуңузду түшүнбөй калыштыбы, же?..


- Мен аскер кызматына өтө чоң маани берген адам катары сунуш бердим. Бардык мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк маянасын берсе, тик учакты ордуна жаңы сатып алабы, же калыбына келтиреби, мамлекетке бир жардам болсун деген таризде айттым. Менин айтканымды кызматкерлердин баары укту. Тик учактын канчалык маанилүү экенине алар өздөрү баа берүүлөрү керек. Ал коогалаңдарда кандай керек экенин баарыбыз көрдүк да. Андыктан, баарыбыз жардамыбызды берүүбүз зарыл. Ал эми добуш берүү боюнча... Эми колдош-колдобош ар бир депутаттын өзүнүн эрки. Ошон үчүн мен алардын пикирине карата бир нерсе деп айта албайм.


- Сунушуңуз кесиптештериңиз тарабынан жетишерлик деңгээлде колдоо таппады. Эми эмне кылмакчысыз?


- Мен өзүм бир күндүк маянамды сөзсүз котором. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн