Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Видеокамералар кантип, канчадан коюлганын тереңдеп казчу болсо...”

04.03.2024 10:26
1862
Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Видеокамералар кантип, канчадан коюлганын тереңдеп казчу болсо...”


- Кундузбек Кошалиевич, “жол эрежесин буздуңар” деп “тез жардамдын” айдоочуларына да айып пул салынып жатканы боюнча маселе көтөрдүңүз. Бирок, мыйзам боюнча алар жол эрежесин бузганы үчүн жооп бербесе керек эле?


- Булар мага кат жазышкан. Мен бул боюнча маселе көтөрүп, жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына, ИИМге чейин кайрылдым. Мыйзамга ылайык, он күндүн ичинде айдоочулар өзү, же алардын атынан бирөө комиссияга кайрылышы керек. Бирок, булардын убактысы болбой калабы, же жөн гана көңүл кош мамиле кылып коюшабы, он күндүн ичинде кат менен кайрылышпайт экен.


- “Тез жардам” кызматынын айдоочуларынын иши белгилүү да. Он күндө барганга убактысы да, мүмкүнчүлүгү дагы болбой калышы мүмкүн.


- Бул жерде эми адамдык фактор да болуп калышы ыктымал. Кээде өзүбүздөн да кетет. “Кечээ мен жол эрежесин буздум эле” деп механигине, же техникалык коопсуздук боюнча кызматкерге кайрылып койсо болот да.

Бирок, негизги маселе “Акылдуу шаардын” камераларында. Азыр маалымат каражаттарынан мындан канча жыл мурда кылмыш жасагандар камера аркылуу өңүнөн таанылып, кармалганын окуп эле атпайбызбы. Адамдын өңүнөн таанып атат. А биздин мурдагы коюлган камералар атүгүл көк түстү көрүшпөйт. Эми өзүңөр элестетип көргүлө, көк түстөгү маякты көрбөй жаткан камераны эмне деп айтса болот? Мына, маселенин баары каякта жатат?! Азырынча алдын ала бирдеке айтуу кыйын, бирок ал видеокамералар кантип, канчадан коюлганын тереңдеп казчу болсо, көп нерселер чыгат го...  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн