Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Күнөөлүү деп табылып, күнөөсүздөй жаза бериле береби?

21.04.2021 12:24
799
Күнөөлүү деп табылып, күнөөсүздөй жаза бериле береби?


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Бакир Таиров сотто күнөөлүү деп табылганы белгилүү болду. Ал 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо алдында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине партиялардын бири үчүн каражат топтоого тапшырма бергени аныкталыптыр. Ошентип Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 265 миң сом айып пул салды. Буга чейин ал мамлекетке 20 миллион сом төгүп, тергөө менен кызматташууга макул болгону эске алынып, ушундай жаза берилгенин билдик.


Ошондо соттун мындай чечими мындан ары деле ушундай кылмыштардын улана беришине түрткү берип койбойбу? Эмнеге акыркы убактарда коррупцияга, кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга айыпталгандар күнөөлүү деп табылып, бирок акча төлөп коюп эле эркиндикке чыгып жатышат? Соттун мындай жаза колдонгону башка коррупцияга аралашкандарды коркута алабы? «Мамлекеттен уурдай берейин, кызматтык абалымдан пайдалана берейин, эгер билинип калса, кайра төгүп коем да» деген тобокелчиликти жаратпайбы?


Сөз жок, ошондой эле болот. Коррупцияга каршы күрөштө катаал жаза чаралары көрүлбөсө, аны ооздуктоого мүмкүн эмес. «Келтирген зыяныңды кайра кайтардың, эми эркиндикке чыга бер» деген чечим коррупцияны кайра күчөтүшү гана мүмкүн. Коррупционерлер уурдаган акчасын ашыгы менен төлөп, анан дагы уурдаган кандай азап экенин темир тор артында отуруп, жон териси менен сезбесе, алар кайра эле эски адатын кайталабайт деп ким кепилдик берет? Соттун чечиминде «Баланча жылдан түкүнчө жылга чейин мамлекеттик кызматты аркалай албайт» деген жерлери кана? Же уурдаган акчасын төлөп койгондор кайра эле кызматка келе берсе болобу?


Көптөгөн өлкөлөрдө коррупция менен күрөшүүдө катаал чаралар колдонулат. Алтургай өлүм жазасын колдонгондор бар. Ошондо деле коррупция толук жоюлбай келет. Бирок, коррупциянын көрсөткүчү ал өлкөлөрдө төмөн. Себеби, ага аралашуунун натыйжасы өмүрүнөн да ажыратып коюшу мүмкүн экенин билишет. Бизде болсо «кайра кайтарып кой да, каалагыныңдай жашай бер» деген чечимдер чыга баштады. Анан кантип коррупцияны жое алабыз?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн