Бугу 02, 2024
Убакыт: 20:25
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлер 25 миң сомго чейин кошумча акча алышат

21.03.2020 10:22
732
Күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлер 25 миң сомго чейин кошумча акча  алышат


Коронавирус илдетине каршы күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлери маянасынан сырткары 25 миң сомго чейин кошумча акча алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков айтты.


"Коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн 30 млн. сом дарыгерлердин айлык-акысына эмес, беткаптарды, коргоо костюмдарын, изоляторду ачууга керектүү атайын шаймандарды сатып алууга жумшалат.
Ал эми учурда күнү-түнү иштеп жаткан медиктер эске алынып, өзүнүн маянасынан сырткары 10 000-25 000 сомго чейин кошумча акча алышат", - деген Төлө Исаков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн