Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Курал Чокоев: “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгинин эч кандай мааниси жок

13.01.2021 17:04
731
Курал Чокоев: “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгинин эч кандай мааниси жок


Мен үчүн “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгинин эч кандай мааниси жок. Бул тууралуу Курал Чокоев Маданият министрлигинин чечими боюнча комментарий берип жатып билдирген.


Эгерде каалашса, мен төш белгини, күбөлүгүн алып барып берем. Бул министрликтин жана министрдин компетентсиздиги. Анткени, биз демократиялуу мамлекетте жашайбыз. Мен Ютуб каналымда каалаган нерсемди жасасам болот. Мага эң маанилүү болгон – бул коомчулуктун ою, элдин пикири. Ошондуктан, мен видеону өчүрдүм, долбоорду уланткан жокмун. Министрликтин наамдарды кайтарабыз, чектөө коёбуз дегени аша чапкандык деп ойлойм. Бул менин эле эмес, жалпы коомчулуктун ссөз эркиндигине болгон чабуулу деп эсептейм. Бул жакшылыкка алып барбайт”, – деди ырчы.


Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн