Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан Баткен облусуна караштуу Достук айылынын 15 жаштагы Э.М. аттуу тургуну набыт болду. Бул тууралуу ыкчам медиа штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм кыз снаряддын сыныктарынан алган жарааттан мерт кеткен.
КР УКМК Чек ара кызматынын тараткан акыркы билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан жана Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн