1-июндан тарта Кыргызстанда курама командалар машыгууларды башташат. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-июндан баштап спорттун баардык түрлөрү боюнча Кыргызстандын курама командалары окуу-машыгууларын баштайт. Спортчулар машыгууларын жандантуудан мурда медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Ал эми машыгуучу спорт залдарда санитардык эрежелер сакталып, ар бир машыгуунун астында спортчулардын дене табы текшерилип турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн