Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарында санитардык жана эпидемиологиялык тартиптердин сакталышын текшерүү боюнча мэрия тарабынан рейд жүргүзүлүп жатат.
Рейддин жүрүшүндө «Ак сарай» рестораны тарабынан тартип бузуулар аныкталды. Ресторанда куран окутуу иш-чарасын өткөрүү максатында 260 адамга орун даярдалган.
Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, 3 миң сом айып салынды. Эгерде ресторанда кайрадан тартип бузуү аныкталса, анда электр энергиясы жана суу өчүрүлмөкчү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн