Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Курбанбек Айтибаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

30.05.2024 09:50
381
Курбанбек Айтибаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин бул кызматты ээлеген Шайлообек Козубаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Күн мурун жаңы дайындалган биринчи орун басарды Президенттин иш башкармалыгынын уюштуруу маселелери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Белек Сакиев менен президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев эмгек жамаатына тааныштырды.

Курбанбек Айтибаев буга чейин Ош облусунун Араван райондук жана Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы башчысы - акими кызматтарын аркалап келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн