Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

“Күрдистан жумушчу партиясы” террордук уюмунунун бөлүкчөсү аныкталды

14.12.2021 17:03
579
“Күрдистан жумушчу партиясы” террордук уюмунунун бөлүкчөсү аныкталды



КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, Талас облусунун тургундарынын ичинен «Күрдистан жумушчу партиясы» ЭТУнун күжүрмөн канатынын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнүн катарында Сирия-Ирак зонасында согуштук аракеттерге катышкан, эл аралык издөөгө жарыяланган аталган уюмдун айрым мүчөлөрү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


КР УКМК Россия Федерациясынын атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2021-жылдын 16-октябрында Россия Федерациясынын Москва шаарынын аймагында жасалма документтердин негизинде жашынып жүргөн Талас облусунун тургуну “С.О.О” аныкталып кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында эки тараптуу келишимге ылайык издөөдө жүргөн объект (жаран) Кыргыз Республикасына экстрадицияланды.


Азыркы учурда КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 250-беренеси “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик даярдыктан өтүүсү” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бердиктүү реестрине катталган кылмыштардын алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, анын ичинде бул фактынын бардык жагдайларын изилдөөгө жана тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн