Айт-арапа күндөрү Ош шаардык милициясы коомдук коопсуздуктун сакчылыгында болот. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эртеӊки айт-арапа күндөрүнө карата Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматтарын күчөтүшөт. Бардык айт намазы окула турган 43 мечитте милиция кызматкерлери кызматта болушат. Башкармалыктын бардык кызматкерлери бул күндөрү бөлүнгөн аймактарда:мечиттерде, коомдук жайларда, эс алуучу бак-скверлерде кызмат өтөөнү улантышат. Жарандарыбыздын коопсуздугу сакталат!
Айт майрамыӊыздар менен мекендештер!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн