Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Курман айт күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту камсыздашат

27.06.2023 17:00
331
Курман айт күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту камсыздашат


28-июнда Курман айтты майрамдоо учурунда Кыргызстандын аймагында 6 миңге чукул милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Ошондой эле 1 миңден ашык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, алар атайын посттордо иш алып барышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн