Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Курман айтта кандай мал союлушу керек? Муфтияттын жообу

27.07.2020 15:53
1905
Курман айтта кандай мал союлушу керек?  Муфтияттын жообу


Мусулмандардын эки чоң майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамы быйыл 31-июлда белгиленет. Буга байланыштуу курмандык чалуунун эрежелери боюнча муфтияттын билдирүүсүн сунуштайбыз.


Кимдер курмандык чалат? 


- Колунда бар бай эркекке да аялга да курмандык чалуу милдет. Курмандык — бул тирүү жүргөнүбүз үчүн Жаратканга болгон шүгүр келтирүү, Ибрахим пайгамбардын мурасын тирилтүү, кетирген ката-кемчиликтерди Алла Таала кечирсин деп кылынган амал. Кандай гана ибадат болбосун ниетке муктаж. Курмандык амалында да Кудай Таалынын өкүмүн аткарып жатам деген ниет болуусу зарыл.


Кайсыл күндөрү курмандык чалынат? 


- Курмандык зул-хижжа айынын онунчу, он биринчи жана он экинчи күндөрү айт намазынан кийин чалынат. Курмандыкты курман айтка чейин алып даярдануу сооптуу иш. Биринчи күнү чалынганы артыгыраак. 


Кандай мал курмандыкка чалынат? 


- Курмандыкка бодо малдар тактап айтканда төө, уй жана койлор жарайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан чоң болушу зарыл. 


Кандай малды курмандык чалууга болбойт? 


- Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт. Курмандыкка чалынчу мал бүтүн болушу зарыл. Тактап айтканда көр, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилгендер курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган мал курмандыкка жарайт.


Курмандык канча адамдын атынан чалынат?


- Кой менен эчкинин курмандыгы жалгыз адамдын атынан болот. Ал эми төө менен уйду жети адамга чейин же андан кем адам чалуусу зарыл. Жети адамдан ашса болбойт.


Союлган малдын эти кандай таратылат? 


- Курмандыкка союлган малдын этин толугу менен садака кылып берсе болот. Ошондой эле бардыгын алып калса да болот. Бирок, эң жакшысы үчтөн бирин садака кылып, дагы бир үчтөн бирин туугандарына жана досторуна коноктогону алып, калган үчтөн бирин өзүнө сактап койсо болот. Курмандыктын терисин, этин, жүнүн, баш шыйрактарын сатканга болбойт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн