Кыргызстанда быйыл Курман айт болжол менен 9чу же 10-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Курман айттын болжолдуу күнү, тагыраагы бир нече күн калганда белгиленет.

Курман айт же Ид-аль-Адха – мусулмандардын башкы майрамдарынын бири. Курман айт ажылык сапарды жыйынтыктайт.

Өлкөдө Курман айт майрамы эс алуу күнү болуп саналат.