Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев дагы эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык Дыйканбаев 24-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.
Эске салсак, Дыйканбаев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир партиянын талапкеринен 7 млн сом алган деген шек менен кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн