Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 14:22
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Курманбек Бакиев Баткенде жабыр тарткан тургундарга жардам көрсөттү

14.05.2021 09:50
2031
Курманбек Бакиев Баткенде жабыр тарткан тургундарга жардам көрсөттү

Курманбек Бакиев Баткенде жабыр тарткан тургундарга жардам көрсөттү. Бул туурасында Фейсбук колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов билдирди. 


"Курманбек Салиевич Бакиев кече 13 май, рамазан айынын улуу айт күнү Баткендеги каргашалуу окуяда жабыр тарткан, үйү күйүп кеткен жарандарга, каза болгон үй бүлөлөргө, Мадина кызыбыздын ата энесине, жарадар болгондорго  салам дубасын түз жеткирип, ар бир үй бүлөгө, жардам колун сунду. Аза кайгыларын тең  бөлүшүп, 89 үй бүлөгө 4 миллион 440 миң сом накталай акча каражатын Кудайдын ыраазычылыгы үчүн түз жеткиртип, жабыркагандардын өз колдоруна тапшыртып берди. 

Урматтуу Курманбек Салиевич! Өзүңүз сыртта болсоңуз да, көзүңүз Кыргызстанда болуп, карапайым элдиңиздин  кайгысын тең бөлүшүп, жараткандын улуу айт майрамы күнү ар бир үй бүлөгө жылуулук маанай тартууладыңыз. Рахмат сизге жалпы кыргыз элинин атынан",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Болотбеков Нурлан
Аллах колдосун Курманбек Салиевичти рахмат сизге
Азизбек ильязов
Аллах ыразы болсун сизге чон размат