Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Курманбек Бакиев: Эгерде сот мени күнөөлүү деп тапса, түрмөгө өзүм барам

02.06.2020 13:14
8346
Курманбек Бакиев: Эгерде сот мени күнөөлүү деп тапса, түрмөгө өзүм барам

2010-жылдын 7-апрелинде Беларусияга качып кеткен экс-президент Курманбек Бакиев аны экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын демилгесине биринчи жолу 24.kg маалымат агенттигине өзүнүн пикирин билдирди. 


Бакиев Башкы прокуратураны “популисттик риторикалар” менен алектенүүнү токтотууга чакырган.  


Мен аларга (Башкы прокуратура) өлкөдөгү ички сот-укуктук системаны иретке келтирип алууга кеңеш бермекмин. Бир жолу мен Кыргызстандын прокуратура өкүлдөрү менен Лондон сотунда жолуктум. Соттун чечиминин жыйынтыгында сиздерге белгилүү болгондой, прокуратура органдары сотто айыптуу өкүмдү чыгарууга жетишүү үчүн далилдерди бурмалагандыгы боюнча олуттуу негиздер бар деп эсептөөгө болот. Мен Улуу Британиядагы сотто каралган Шона Дейли иши жөнүндө айтып жатам. Айта кетчү нерсе, мен жана менин үй-бүлөмдүн башка мүчөлөрү да жашырынган жок, жөн гана сотко бардык жана ага катыштык”, - деди Курманбек Бакиев.


"2010-жылдын апрелинен бери БУУнун алкагында же башка көз карандысыз тергөө жүргүзүлүшү керектиги тууралуу айтып келе жатам. Бирок бул эч кимге кереги жок болду, эмне үчүн экени толук түшүнүктүү. Эгерде көз карандысыз сот мени күнөөлүү деп тапса, абакка алардын аракети жок эле өзүм барам", - дейт Бакиев.



 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Кыялбек токтонбаев
Ден-соолукта болун.
Шеров Нурсултан
Сиз куноолу емессиз,сабыр кылып турун жакында акталып Оз Мекенге кайтасыз.Сиз Эн мыкты Эл башы болгонсуз Аз Убакытта кылган эмгегинизге таазим кылам.
Патриот
Озу жакшы Дейли, ал эми уйбулоосу, максимди эмне жакшы дейбизби укам???
Али
Ал катаны өз мойнуна алган