Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе ага чыккан сот өкүмдөрүнүн негизинде чара көрүлө турганын жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы аны камакка алууга милдеттүү экенин билдирди. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемесинин маалымат бөлүмү Kaktus.media берген комментарийинде билдирди.
Былтыр баш прокурор Курманкул Зулушев Ошто эл менен жолугушууда Бакиевге байланыштуу суроого жооп берип, мурдагы президент Кыргызстанга келгенге эрки жетип, тергөөгө көрсөтмө берүүнү чечсе, ага эч ким тоскоолдук кылбай турганын билдирген.
Мунун алдында Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшова Беларуста каза болуп, сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-январда болору, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери кабарланды.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн