Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Курманбек Бакиев Конгантиев тууралуу: Жаның бейиштик болсун. Аттиң, айта турган сөз көп эле...

13.02.2022 19:34
6806
Курманбек Бакиев Конгантиев тууралуу: Жаның бейиштик болсун. Аттиң, айта турган сөз көп эле...

Молдомуса Ташболотович !

Жаның бейиштик болсун. Аттиң, айта турган сөз көп эле...


Кесибин чын дилинен сүйүп, берилип, башкаларчылап багытын буруу турмак, мойнуна сыйыртмак салынып турган кезде да пикиринен тайбай, кайратынан жанбаган намыска бек инсан болчу. Калк камында иштегенди өтө жактырчу. Жолдун алыстыгы, жагдайдын катаалдыгы Молдомусаны оңой менен моюн сундурбайт болчу. Жараткан бу жигитке тубаса генералдык мүнөздү энчилегендей, тез бирок так, таамай чечим чыгарар эле. Кайран жигит, айрым кара мүртөз пейлибизденби, кай бирлердин ичи тарлыгынанбы, же көрөгөч, чапчан адамдан корккондуктанбы, айтор акыркы мезгилде мамлекеттик кызматка коюудан качтык. Жетик интеллекттин, күчтүү дипломатиялык дараметин пайдаланып кала албадык. Мыкты инсанды кармап кала албадык. Мезгилинде Конгантиевдин кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасынан өтүп баратканын алдыртан күтүп, тажик, өзбек туугандар сыйлап узатып турушканын элдин оозунан далай ирет угуп жүрчүбүз.


Аттиң дүйнө, айла жок, Молдомуса Ташболотович, элдин эсинде чыныгы генерал-лейтенант катары эскерип жүрөрү арманга айланды. Кош иним, жаш элең, пайгамбар жашында акка моюн сунарыңды билдиң бекен. Биз ийиндеш иштеп, көп жакшы-жаман күндөрдү бирге баштан кечирдик. 


Моюн сунбашка арга барбы, сүйүүгө бекем ак куулар жалгыз жашабайт дейт, балким жубайыңды жалгыздаткын келбегендир, акыретиң абат болсун, калган өмүрүңдү уул-кыздарыңа берсин. Сен бүтүрбөгөн иштерди, сен жетпеген максатка балдарың жетсин. 


Курманбек Бакиев

Кош кайран генералым !!!

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Канымет Токтосун
Маркум ото бийик инсан экен, Куке сиздин Арам саясатыныздын курмандыгы болду ко?