Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

К.Бакиев: Лукашенкону кыйын кырдаалда таштап кетпейм

19.08.2020 15:33
1410
К.Бакиев: Лукашенкону кыйын кырдаалда таштап кетпейм


Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев Беларустан чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу К.Бакиев "NazarNews" басылмасына комментарий берип жатып билдирген. 


Анда ал Лукашенкону кыйын кырдаалда таштап кетперин айткан. 


"Мага оор абалда Беларустун президенти А.Лукашенко качкын макамын берип, ал тургай жакшы жашоого шарт түзүп жатса, Лукашенкону кыйын кырдаалда эч качан таштап кетпейм. Аягына чейин жанында болом. Буга чейин дагы мен бирөөнү саткан эмесмин, сатпайм дагы. Учурда Минскте элемин. Дагы кайталайм, бул киши менен аягына чейин болом”, - деди Курманбек Бакиев.


Буга чейин маалымдалгандай, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өтүп, учурдагы президент Александр Лукашенко 80,1 пайыз добуш менен алтынчы мөөнөткө кайрадан шайланган. Бирок ошол эле күнү Минск шаарында жана башка шаарларда нааразычылык акциялары башталган. Учурда абал туруктуу. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн