Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

30.12.2021 15:08
2980
Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады


Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады. 


Бакиев өзүнүн куттуктоосун Минск шаарынан жолдогон.


"Урматтуу Кыргызстандыктар! 


Ардактуу кыргыз элим! Эң оболу жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2022- жаңы жылыңыздар менен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын атынан чын дилимден куттуктаймын. 


Жаңы-жыл Кыргызстандын ар бир үй бүлөсүнө бак-таалайдын, ырыскынын, ынтымактын жылы болсун. 


Өлкөбүздө тополоң-тос, башаламандык, кагылышуу, кан төгүлүү сыяктуу эч кимге керек эмес каргашалар кайталанбасын. 


Кыргыз элим илгеркидей бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып: аксакалдар туура сөзүн сүйлөгөн калыс болуп, жаштарыбыз жамандыктан алыс болуп, сын көз менен карап турган башка элге үлгү бололу. 


Соц. тармактардан мени жана менин үй бүлөмдү жаңы-жыл менен куттукташып, жакшы тилектерин, таза каалолорун жазып жатышкан мекендештериме чын жүрөктөн ыраазы болуп, рахмат айтамын. 


Силердин мага карата жазган куттуктоо сөздөрүңөр, асыл тилектериңер көп жылдан бери сыртта жүргөн мага күч-кубат, дем берип жатты. Мүмкүнчүлүк болсо ар бириңдин аты жөнүңөрдү өзүнчө атап, ар бириңерге рахматымды, каалоомду айтсам жарашмак. Бирок, андайга убактым жетпешин жакшы түшүнөсүңөр. Ошондуктан, баарыңарга болгон ой тилегим бирдей. 


Өлкөдө акыркы он жыл ичинде тоңгон муз ээрип, муз менен кошо тоңуп турган кеме кыймылдап, жакшылыкка, өнүгүүгө багыт алып сапар тартканы сезилип турат. Бул нерсе менин да ичимди жылытып, ички дүйнөмдө жакшылыктын үмүтүн жандырды. 


Өз элин ойлогон адам: кандай шартта, кайсыл жерде болбосун, жүрөгүндө өзүнүн туулган жери, боордош эли менен бирге болот. 


Ошондуктан өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө кыргыз элим менен кошо мен да кубанып жатамын. 


Ылайым эле Кыргызстаныбыз гүлдөп, кыргыз элим жамандык көрбөй жашасын. 


Оору-сыркоодон, өлүм-житимден сыртта болуп, жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алыңыздар",- деп айтылат Курманбек Бакиевдин куттуктоосунда.

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Азимова Жамила
Рахмат сизге, сиз эң сонун президент болгонсуз, убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн уюштурган кутуму аркасында атынызга көө суйколуп калганын мен жакшы түшүнөм. Анын үстүнө уулуңуз Максим менен бир тууганыныз Жаныш ишиңизге кийлигишпесе балким баары башкача болмок. Ооба, сиз сырттан байкоо салып турат экенсиз, азыр бир топ жакшы өзгөрүүлөр болуп жаткансыйт. 2010- жылкы окуялар иликтенсе сиздин толук акталышынызга ишенем. Рахмат сизге, бар болуңуз!
Дарья
Кымбаттуу Курманбек Салиевич,сизди жана сиздин уй булоонузду кирип келген жаны жылыныздар менен куттуктайм!Жаны жылда ден соолукта болуп,оз жеоинизде жана оз элиниз менен бирге болушунузга тилектеш элем,себеби мен сиздин ак экенинизге жана олкобузду орго тартаар асыл ой максаттарыныз бар экенине ишенем!
Арапов Данияр
Урматуу Курманбек Бакиев сизди да жаны жылыныз куттукаим Ден соолук и ишинизге Албан Албан игиликтерди каалаим .Сиз жакшы президент болуп иштединиз .
Эрнисбек Кошбаев
Курманбек Салиевич, Сизди Жаны жылыныз менен куттуктап,бекем ден соолук,ачык асман тынччылык жана бакубат жашоо каалайбыз! Бар болунуз.
Жыргалбек 68
Келсин кыргызстанга