Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

30.12.2021 15:08
2981
Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады


Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады. 


Бакиев өзүнүн куттуктоосун Минск шаарынан жолдогон.


"Урматтуу Кыргызстандыктар! 


Ардактуу кыргыз элим! Эң оболу жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2022- жаңы жылыңыздар менен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын атынан чын дилимден куттуктаймын. 


Жаңы-жыл Кыргызстандын ар бир үй бүлөсүнө бак-таалайдын, ырыскынын, ынтымактын жылы болсун. 


Өлкөбүздө тополоң-тос, башаламандык, кагылышуу, кан төгүлүү сыяктуу эч кимге керек эмес каргашалар кайталанбасын. 


Кыргыз элим илгеркидей бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып: аксакалдар туура сөзүн сүйлөгөн калыс болуп, жаштарыбыз жамандыктан алыс болуп, сын көз менен карап турган башка элге үлгү бололу. 


Соц. тармактардан мени жана менин үй бүлөмдү жаңы-жыл менен куттукташып, жакшы тилектерин, таза каалолорун жазып жатышкан мекендештериме чын жүрөктөн ыраазы болуп, рахмат айтамын. 


Силердин мага карата жазган куттуктоо сөздөрүңөр, асыл тилектериңер көп жылдан бери сыртта жүргөн мага күч-кубат, дем берип жатты. Мүмкүнчүлүк болсо ар бириңдин аты жөнүңөрдү өзүнчө атап, ар бириңерге рахматымды, каалоомду айтсам жарашмак. Бирок, андайга убактым жетпешин жакшы түшүнөсүңөр. Ошондуктан, баарыңарга болгон ой тилегим бирдей. 


Өлкөдө акыркы он жыл ичинде тоңгон муз ээрип, муз менен кошо тоңуп турган кеме кыймылдап, жакшылыкка, өнүгүүгө багыт алып сапар тартканы сезилип турат. Бул нерсе менин да ичимди жылытып, ички дүйнөмдө жакшылыктын үмүтүн жандырды. 


Өз элин ойлогон адам: кандай шартта, кайсыл жерде болбосун, жүрөгүндө өзүнүн туулган жери, боордош эли менен бирге болот. 


Ошондуктан өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө кыргыз элим менен кошо мен да кубанып жатамын. 


Ылайым эле Кыргызстаныбыз гүлдөп, кыргыз элим жамандык көрбөй жашасын. 


Оору-сыркоодон, өлүм-житимден сыртта болуп, жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алыңыздар",- деп айтылат Курманбек Бакиевдин куттуктоосунда.

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
КУНДУСКАН СУЙУНАЛИЕВА
ЖАНЫ ЖЫЛЫ МЕНЕН БИЗДА КУТТУКТАЙБЫЗ, КУРМАНБЕК САЛИЕВИЧТИ, ЧЫН ДЕН СООЛУК, УЗУН ОМУР ТИЛЕЙБИЗ
Кайыпов Уланбек Мурзабекович
Ассалому алейкум чоон рахмаат куттуктонузга сиздида куттуктап кетебиз ден-соолук каалаймын бар болунуз Кыргыз эли эч качан оз мекендешин сыртта калтырбайт келиниз сизда Алла таала насип этип оз элиниз менен майрамды чогуу тосо турган кун келет Бакиев Курманбек Салиевич!